Шүгүр келтирүү – ыймандын жарымы

Жакшылап ой жүгүртсөк, Аллах Таала бизге канча деген жакшылыктарын ыроологон. Бирок биз көп убакта шүгүр келтирүүнү унутуп, наалый баштайбыз. Жараткан ыраазы болгон сайын ырыскыбызды көбөйтүп берерин унутпашыбыз керек.

Аллах Таала Ыйык Куранда мындай дейт:

“… Эгер берген нээматтарыма шүгүр кылсаңар, албетте, аларды дагы да арттырамын… “(14:7)

Пайгамбарыбыз колуңда турган нерсеге ыраазы болуп, каниет кылууга дайым үндөгөн. Шүгүр кылуунун зарылдыгы тууралуу көптөгөн хадистер келген. Алардын айрымдарына токтолобуз.

1. Шүгүр келтирүү – Аллахтын ырайымы

Абу Хурайра (р.а) пайгамбарыбыздын ﷺ айткандарын риваят кылат: “Кимге Аллах Таала жакшылык кааласа, анын өмүрүн узун кылат жана шүгүр кылууга күч-кубат берет”.

2. “Аллахка шүгүр” деп айтууну адатка айлантуу зарыл

Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Пендеге Аллах Таала кандайдыр бир белекти берсе, ал “Аллахка шүгүр” деп айтса, анда ал шүгүр кылыптыр”.

3. Жөнөкөй нерсеге да ыраазы болуу керек

Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: “Ким азга шүгүр кылбаса, көпкө эч качан шүгүр кылбайт”.

4. Шүгүр кылуу – жарым ыйман

Анастан (р.а) риваят : “Ыймандын эки бөлүгү бар. Бир бөлүгү – сабыр, экинчиси – шүгүр.

5. Шүгүр кылса, дүйнө-акырет жакшылыктары берилет

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Кимге төрт нерсе берилген болсо, ага дүйнө-акыреттин жакшылыктары насип болуптур:

1) Шүгүр кыла турган жүрөк;

2) Зикир кылуучу тил;

3) Кыйынчылыктарга сабыр кылуучу дене;

4) Напси менен мал-дүйнөгө кыянат кылуудан оолак болгон аял”.

Комментарий жиберүү