Аптаптуу ысыкта эмне ичкенге болбойт? ДССУдан сунуш

Аптаптуу ысыкта эмне ичкенге болбойт? ДССУдан сунуш

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аптаптуу ысыкта алкоголдук ичимдиктерди, кофеин жана кант кошулган суусундуктарды ичүүдөн баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу ДССУнун өкүлү Тарик Язаревич брифингде билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.Аталган уюм адамдарды ысыктан оолак болуп, салкын жерде баш калкалап, суусундукту көбүрөөк ичүүгө чакырып, “Эгерде баш айланып баштаса дароо дарыгерге кайрылыңыздар. Анан суусундук дегенде бир гана суу ичүү керектигин белгилейбиз. Алкоголдон такыр баш тартып, кофеин менен кант кошулган сууларды көп ичпөө сунушталат”, – деп билдирди.ДССУнун билдирүүсүндө Канадада күндүн ысыгы…

Прочитайте больше

Т. Какчекеев: «Талибан» Борбор Азия мамлекеттерине куралдуу кол салаалбайт, бирок идеологиясын таңуулайт»

Т. Какчекеев: «Талибан» Борбор Азия мамлекеттерине куралдуу кол салаалбайт, бирок идеологиясын таңуулайт»

Акыркы мезгилде “Талибан” кыймылы Афганистандын бир нече райондорун басып алууда. Жакында алар Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясынын стратегиялык жактан маанилүү болуп саналган бажы пунктун да көзөмөлгө алды. Ошол эле учурда Афганистан армиясынын жүздөн ашык аскери талибдер менен болгон айыгышкан согушка туруштук бере албай, Тажикстандын чек арасына, дагы элүүдөн ашыгы Өзбекстандын аймагына качып кирүүгө аргасыз болушту. Бул арада БУУнун Афганистан боюнча өкүлү Афганистандын өкмөтү алгач АКШ жана НАТО армиясы чыгарылгандан кийин эки жылдан соң кулашы мүмкүн…

Прочитайте больше

АКШ Баграм базасынан бардык ачкерлерин чыгарып кетти. Ооганстанда абал кандай болот?

АКШ Баграм базасынан бардык ачкерлерин чыгарып кетти. Ооганстанда абал кандай болот?

Америкалык аскерлердин бардыгы Афганистандын баш калаасынын түндүгүндөгү Баграм аба базасынан чыгып кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар АКШнын жогорку даражалуу чиновнигине шилтеме жасап билдиришти.Бул жаңылык АКШнын жана башка НАТО аскерлеринин Афганистандан чыгып кетиши тууралуу божомолдор айтылгандан кийин жарыяланды.АКШнын Улуттук коопсуздук кызматынын кабарчысы Женнифер Гриффин бул маалыматты тастыктап, Твиттердеги баракчасына АКШ аскерлери Афганистандагы Баграм авиабазасынан чыгып кеткенин жазды.Маалыматка ылайык, АКШнын Афганистандагы эң ири аскер базасы “Баграм” ооган коопсуздук күчтөрүнө өткөрүлүп берилет.Баграм авиабазасы Кабулдан 20 км. түштүктө жайгашкан жана…

Прочитайте больше

Эмнеге “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран” темир жол курулушу ишке ашпай келет?

Эмнеге “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран” темир жол курулушу ишке ашпай келет?

“Евразия тудей” маалымат агенттиги тарабынан уюштурулган кезектеги тегерек стол “Эмнеге “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран” темир жол долбоору көп жылдардан бери ишке ашпай келатат? Бул реалдуу долбоорбу же кайсы бир сырткы күчтөр бут тосуудабы?”,- деген темага арналды. Кытайдан башталып, Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Иранга чейин жеткен, андан ары Прес булуңуна жана дүйнөлүк океанга чыгууга жол ачкан темир жол курулуп калса, ага катышкан мамлекеттерге кандай пайдасы бар жана башка өлкөлөргө экономикалык жана саясый жактан таасир этеби? Бул теманы талкуулоого экономисттер жана…

Прочитайте больше

Түркия менен Кыргызстандын коргоо министрликтери тыгыз кызматташат

Түркия менен Кыргызстандын коргоо министрликтери тыгыз кызматташат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Түркия Республикасынын улуттук коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды. Аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук маселелериндеги эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттары жөнүндө пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы дипломатиялык алакалар түзүлгөндөн бери Кыргызстан менен Түркия бардык чөйрөлөрдө кызматташууга бекем пайдубал түптөшкөндүгүн өзгөчө белгиледи.  Садыр Жапаров баса белгилегендей, кыргыз-түрк мамилесинде аскердик-техникалык кызматташуу өзгөчө орунду ээлейт. Анын мындан аркы кеңейишине жана бекемделишине мүмкүнчүлүктөр кенен. Анын айтымында, региондогу туруксуз абалды жана коркунучтардын өсүп жатканын эске алганда, өзгөчө Афганистандагы…

Прочитайте больше

“Sputnik V” вакцинасы индиялык штаммга каршы эффективдүү

“Sputnik V” вакцинасы индиялык штаммга каршы эффективдүү

Индиянын штаммына каршы “Sputnik V” эффективдүүлүгү болжол менен 90%ды түзөөрүн белгиледи вакцинаны иштеп чыккан Гамалея изилдөө борборунун директорунун орун басары Денис Логунов. Анын айтымында, иштеп чыгуучулар маалыматты интегралдык түрдө чогулткан UMIAS жана EGISZ электрондук тутумдарына таянып алышкан.“Ошондой эле, бул маалыматка ылайык, Индиянын штаммына карата дагы, Sputnik вакцинасынын натыйжалуулугу болжол менен 90% бойдон калууда”, – деди Логунов “Россия Сегодня” маалымат агенттигиндеги пресс-конференцияда. Ал ошондой эле вакцинанын эффективдүүлүгү ар кандай параметрлер боюнча бааланарын түшүндүрдү.

Прочитайте больше

COVID-19: Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 4 миллионго чукулдап калды

COVID-19: Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 4 миллионго чукулдап калды

Бир сутка ичинде дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 374 миң 604 адамга көбөйдү. Бул тууралуу илимпоздор тарабынан иштелип чыккан онлайн картадан көрүүгө болот.Жалпысынан дүйнөдө коронавирус 181 миллион 761 миң 814 адамга жуккан. Эң көп АКШда 33 миллион 652 миң 98 учур катталган. Андан кийинки орундардагы Индияда 30 миллион 316 миң 897, Бразилияда 18 миллион 513 миң 305, Францияда 5 миллион 835 миң 885, Орусияда 5 миллион 428 миң 961, Түркияда 5 миллион 420 миң 156,…

Прочитайте больше

Кытайдан 1,1 млн. даана вакцина келет

Кытайдан 1,1 млн. даана вакцина келет

Кыргыз Республикасы коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын 1 миллиондон ашуун дозасын жеткирүү тууралуу макулдашты. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасын жеткирүү тууралуу макулдашты. Сатылып алынган 1,1 млн вакцинанын дозасы жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасына атайын чартердик каттам аркылуу жеткирилет. Ушул эле борт менен Кытай Эл Республикасы тарабынан акысыз негизде берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы да алып келинет. КР Министрлер Кабинетинин аталган кадамы Кытай Эл…

Прочитайте больше

Канадада болуп көрбөгөндөй ысыктан 500дөй адам каза тапты

Канадада болуп көрбөгөндөй ысыктан 500дөй адам каза тапты

Канаданын Британдык Колумбия провинциясында болуп көрбөгөндөй ысыктан улам каза болгондордун саны көбөйүп жатат. РИА Новостинин берген маалыматы боюнча, бир нече күндүн ичинде аймакта 486 адам ысыкты көтөрө албай каза тапты. 29-июнда Британдык Колумбия провинциясынын бийлиги  провинциянын ар кайсы шаарларында 100дөн ашуун адам аномалдуу жогорку температуранын курмандыгы болгонун билдирген. Капыстан каза болгон учурлар Ванкувер, Барнаби жана Суррей шаарларында катталды. Каза болгондордун көпчүлүгү пенсионерлер экени айтылууда. Метеорологдор 29-июнда аймакта абанын температурасы 49,5 градусту көрсөткөнүн катташкан. Дарыгерлер суу…

Прочитайте больше
1 3 4 5