Президент уулу менен коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Президент уулу менен коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда, уулу менен коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Мамлекет башчысы менен анын уулу коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын биринчи дозасын борбордогу мобилдүү эмдөө пункттарынын биринде алышты. Садыр Жапаровго эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу паспорт берилди. Президент кыргызстандыктарга кайрылып, вакцина алуу чечими ар бир адамдын жеке иши экенин, эч ким эч кимди иммунизацияга мажбурлабастыгын айтты. Анын айтымында, акыркы убактарда коомчулукта ар кандай чындыкка дал келбеген маалыматтар, анын ичинде коңшу өлкөлөр Кыргызстанга бекер вакцина берип, өлкө…

Прочитайте больше

Ооган-тажик чек арасынын 80%ы “Талибандын” көзөмөлүнө өттү

Ооган-тажик чек арасынын 80%ы “Талибандын” көзөмөлүнө өттү

“Талибан” радикалдык кыймылынын согушкерлери Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен аймагынын 80%ын көзөмөлдөп турат. Кырдаалга байланыштуу, 22-июлда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орус аскерлеринин Ооганстанга кирүү ыктымалдыгына баа берген. Ошондой эле Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко “Талибан” Тажикстан менен чек араны дээрлик толугу менен көзөмөлдөп тураарын билдирген. Ал буга кошумча Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы согуштук зоналардан террорчулар ушул аймактарга топтолуп жаткандыгын, уюмдар Борбор Азиядан иммигранттарды активдүү тартып жаткандыгын жана баңги заттарын өндүрүү рекорддук деңгээлге жеткендигин белгиледи.Эске…

Прочитайте больше

«Талибан» бийликке келсе, Орусияаны тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарабы?

«Талибан» бийликке келсе, Орусияаны тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарабы?

“Талибан” (Орусияда тыюу салынган) радикалдуу кыймылынын  өкүлдөрүнүн Москвадагы сүйлөшүүлөргө катышууларынан соң, Орусия аткаминерлери ой-пикирлерин билдиришти. Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров “Орусиянын тышкы саясаты: ийгиликтер, чакырыктар, милдеттер жана келечектер” вебинары учурунда сүйлөп жатып, талибандар деле акыл-эси жайында адамдар экенин айтты. “Жакында Талибандын жетекчилиги Москвада болгондуктан, биздин өкүл алар менен жолугушту. Алар Ооганстандагы, Борбордук Азиядагы коңшулар үчүн көйгөйлөрдү жаратуу ойлору жок экендигин, бир гана ИШИМ менен күрөштү мындан ары дагы токтотпостон улантышаарын жана башка оогандыктар менен саясий структурасын талкуулоого…

Прочитайте больше

Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында орунга илинбей калды

Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында орунга илинбей калды

Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында 10 метр аралыктан ок атуу спорту боюнча 48-орунга илинди. Бул тууралуу Олимпиада оюндарынын сайтында айтылат. Ал 24-июлда 50 спортчунун ичинен 612,8 упайы менен 48-орунга жайгашты. Финалга өтүш үчүн спортчулар 628,5 упай топтоо керек эле. Белгилей кетсек, кечээ, 23-июлда Токиодо Олимпиада оюндары расмий ачылды. Салтанаттуу параддан Кыргызстан командасы 56-катар менен өтүп, Каныкей Кубанычбекова менен Денис Петрашов тууну көтөрүп чыгышты. Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.

Прочитайте больше

Илим: эркектер аялдарга салыштырмалуу алсыз экендиги далилденди

Илим: эркектер аялдарга салыштырмалуу алсыз экендиги далилденди

Илгертен бери эркектер күчтүү, ал эми аялдар алсыз деген түшүнүк болгон. Бир караганда, чындыгында ушундай. Бирок тереңдеп, физикалык маалыматтарга гана көз чаптырсаңыз, абдан кызыктуу фактыларды таба аласыз.Бүгүн биз күчтүү жыныстагы адамдардын алсыз жактары жөнүндө сүйлөшөбүз!  Жыныстык гормондор жана иммунитеттин ролу Ар кандай инфекциялар эркектерге аёосуз таасир этет, бирок аялдарга жумшагыраак мамиле кылаары белгилүү.Эркектин жыныстык гормондору, айрыкча тестостерон, иммундук жоопту алсыздатаары аныкталды.  Ал эми аялдардын эстрогендери иммунитетти көтөрүп, инфекцияларга катуу жооп кайтарат.Мисалы, тестостерон тутумдук сезгенүү цитокиндерин…

Прочитайте больше