4 нерсе

4 нерсе денеге кубат берет:

– Бал

– Атыр жыт сүрүнүү

– Жетиштүү жуунуу

– Жумшак кездемеден сулуу көйнөк кийүү

4 нерсе денени алсыратат:

– Артыкча ой

– Ашыкча кычкыл жеп-ичүү

– Ач карынга суу ичүү

– Ашыкча кошулуу

4 нерсе көзгө кубат берет:

– Сурма тартуу

– Жашылды кароо

– Аккан сууну кароо

– Халал болгон сулуу жүздү кароо

4 нерсе көздүн нурун азайтат:

– Ыплас нерселерди кароо

– Өлүм менен жазаланганды  кароо

– Харамды кароо

– Каабага карата аркасын салып отуруу

4 нерсе акылды көбөйтөт:

– Керексиз сүйлөбөө

– Мисвак колдонуу

– Аалым жана салихтер менен бирге болуу

– Күнөө кылбоо

Комментарий жиберүү