Кадыр түн кантип тосулат?

Кадыр түн бул – Ыйык Рамазан айы ичиндеги касиеттүү түн.

Кыргызстанда быйылкы Кадыр түн 8нен 9-майга караган түнү белгиленет. Кээ бир аалымдар Мавлид түнүнөн кийин эң кадырлуу түн деп эсептешет. Кадыр түн мусулмандар үммөтүнө тийиштүү. Башка диндегилерге мындай берекелүү түн берилген эмес. Хадисте: “Кадыр түнү сеники жана үммөтүңдүкү”, – деп Аллах Таала пайгамбарына айтты. (И.Малик)

Кадыр түнү Кудайга ибадат кылуу менен өткөрүү башка күндөрдөн жана түндөрдөн да сообу артыгыраак, Куран Карим: “Кадыр түнү миң айдан кайырлуу”

“Сообун Аллаху тааладан күтүү менен Кадыр түнү ибадат кылган адамдын өткөн күнөөлөрү кечирилет.” [Бухари]

“Кадыр түнү бир жолу Кадыр сүрөсүн окуу башка мезгилде Курани каримди хатим кылуудан (толук окуп чыгуу) да сооптуу. Кадыр түнү бир жолу “Субханаллах”, бир жолу “Алхамдулиллах”, бир жолу “Ла илаха иллаллах” деп айтуу 700 миң зикир, Аллахты мактоо жана шахадат айтуудан да баалуу. Бул түнү кой сааганчалык убакыт [аз убакыт] намаз окуу, ибадат кылуу бир ай бардык түндү таңга чейин ибадат кылуудан да баалуу.” [Тафсир-и мугни]

Ыйык Рамазан айынын 27-түнү ибадат кылуу өтө сооптуу. Бир нече хадисте мындай айтылган: “Кадыр түнүн Рамазандын акыркы он күнүндө издегиле!” [Муслим]

Кадыр түнүн Рамазандын он күнүнүн 21, 23, 25, 27 жана 29 сыяктуу так сандуу түндөрдө же Рамазандын акыркы түнүндө издегиле деген хадистер да бар.

Андыктан, ушул так сан түндөрү же эч болбосо 27-түнү ойгоо калып, төмөнкү ибадаттарды аткаруу чоң сооп:

1. Гусл алуу (денесин толук жуу).
2. Даарат алуу.
 3. Каза болгон намаздарын окуу.
4. Теспе тартуу: Субхааналлах, Алхамдулиллах, Аллоху акбар – деп.
5. Тообо келтирүү.
6. Күндүзү садака берүү.
7. Аллах ыраазычылыгы үчүн жакшы иштерди кылуу.
8. Күнөө иштен, ушак сүйлөө, жаман сүйлөөдөн алыс болуу.
9. Дуба, тилек кылуу.
10. Куран окуу, айрыкча “Кадр” сүрөөсүн көп окуу.

Кадыр түнүнүн белгилери:
Кадыр түнү ачык жана тынч болот, ысык да суук да болбойт. Эртеси таңда күн кызыл болуп, шооласыз атат. Кадыр түнү иттин үнү угулбайт деген аалымдар дагы болгон. Убейд бин Омар хазреттери айткан: “Кадыр түнү деңизде элем, деңиздин суусун ичтим, туздуу эмес эле, таттуу жана жагымдуу эле.”

Комментарий жиберүү