Улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат. АКШда чиновниктерге TikTok колдонууга тыюу салынды

Улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат. АКШда чиновниктерге TikTok колдонууга тыюу салынды

АКШда мамлекеттик кызматкерлерге TikTok социалдык тармагын колдонууга тыюу салынат. Мындай жобо АКШнын 2023-жылга карата бюджетинин долбоорунда камтылган.  Документ бүгүн, 20-декабрда коомчулукка жарыяланды. Анда мамлекеттик кызматкерлердин TikTok тиркемесин колдонуусуна тыюу салуу жобосу камтылган. Бул чаралар АКШнын федералдык мекемелеринин кызматкерлерине гана тиешелүү жана социалдык тармакты колдонгон 100 миллионго жакын америкалыктарга таасирин тийгизбейт. АКШнын атайын кызматтары TikTok улуттук коопсуздукка коркунуч жаратарын бир нече жолу билдирген. Reuters агенттиги белгилегендей, буга чейин эле АКШнын көптөгөн федералдык органдары, анын ичинде Ак…

Прочитайте больше

АКШнын Украинада көздөгөн максаттары эмне? Кытайлык эксперттердин пикири

АКШнын Украинада көздөгөн максаттары эмне? Кытайлык эксперттердин пикири

Мындай пикирди кытайлык эксперттер Global Times порталына берген маегинде билдиришкенин РИА Новости жазды. Фудань университетинин эл аралык изилдөөлөр институтунун деканы У Синбо АКШнын Украинадагы жаңжалда үч максаты бар деп эсептейт: Россияны ар тараптуу алсыздандыруу, Зеленскийдин режимин турукташтыруу жана Европаны АКШнын саясатын карманууга түртүү. Бирок эксперттер кризистик кырдаал дагы деле чечиле электигин белгилешет. КПК борбордук комитетинин эл аралык бөлүмүнүн мурдагы орун басары Чжоу Ли белгилегендей: “АКШ менен ЕБ орус-украин жаңжалын басаңдатууга эч кандай аракет көргөн жок, ал тургай…

Прочитайте больше

Роза Отунбаева БУУда Ооганстандагы абал тууралуу доклад жасайт

Роза Отунбаева БУУда Ооганстандагы абал тууралуу доклад жасайт

БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева 20-декабрда Коопсуздук кеңешинде ал өлкөдөгү абал тууралуу доклад жасайт. Бул тууралуу маалымат Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) сайтында жарык көрдү. Докладда саясий өнүгүүлөр, коопсуздук, аймактык кызматташуу, адам укуктары, экономикалык кырдаал, донорлордун жардамын координациялоо жана башка маселелер камтылган. “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Ооганстандагы бийликке кайтып келгенден бери катардагы оогандар экономикалык каатчылыкка батып, адам укуктары бузулуп, өзгөчө кыз-келиндердин эркиндиктери чектелүүдө. Кыргызстандын мурдагы президенти Отунбаева быйыл…

Прочитайте больше