Эксперт: Зеленский АКШдан курал сурайт

Эксперт: Зеленский АКШдан курал сурайт

  Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШга биринчи кезекте каржылык жардам сурап барат, бирок Вашингтондо курал-жарак жеткирүү маселеси да талкууланат. Мындай пикирин россиялык саясат таануучу Богдан Безпалько РИА Новостиге билдирди. Буга чейин америкалык жана украиналык ЖМКлар Зеленский сапар менен АКШга барарын жазып чыгышкан. Ак үй Зеленский Вашингтонго 21-декабрда Байдендин чакыруусу менен келерин тастыктады. Мамлекет башчылары Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча командасынын негизги мүчөлөрү менен жолугушат, андан соң украин президенти журналисттердин алдында сүйлөп, Конгрессте сөз сүйлөйт. “Албетте, ал колдоо сурайт. Менин көз…

Прочитайте больше

Кийинки аптада КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусу өтөт

Кийинки аптада КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусу өтөт

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Аткаруу комитетинин башчысы Сергей Лебедев 26-27-декабрь күндөрү бейформал саммит өткөрүү пландалып жатканын билдирди. “Кийинки жумада Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт. Ал биздин кызматташтыкка кошумча импульс берет деп үмүттөнөбүз”, – деди Лебедев. Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп расмий жарыяландыБул жолугушууга катышарын Россиянын, Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын лидерлери ырасташты. Жаңы жылдын алдында КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларын Россияга чакыруу –…

Прочитайте больше

Ооз жана мурун канайт. Ооганстанда белгисиз коркунучтуу оорунун очогу катталды

Ооз жана мурун канайт. Ооганстанда белгисиз коркунучтуу оорунун очогу катталды

Ооганстандын Забул провинциясында өлүмгө алып келген белгисиз оорунун очогу катталды. Бул тууралуу чет элдиа басылмалар Ооганстандын саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Абдул Хаким Хакимиге шилтеме берүү менен билдиришти.. Хакиминин айтымында, бул илдетке чалдыккандардын саны 80ден ашкан жана алардын ичинен эки бала каза тапкан. Оору биринчи жолу аталган провинциянын чыгышында жайгашкан Шахжой районунда аныкталган. Дене табынын көтөрүлүшү, мурундун жана ооздун канашы оорунун негизги белгилери экени айтылды. Бирок, дарыгерлер инфекциянын так аныктамасын берүү дагы эле кыйын экенин билдиришкен. Эске салсак, аталган провинцияда ушул эле…

Прочитайте больше

Талибан ооган аялдарына университетте окууга тыюу салды

Талибан ооган аялдарына университетте окууга тыюу салды

 Ооганстанда учурда бийлик жүргүзүп жаткан “Талибан” кыймылы студент кыздардын университетте окуусуна тыюу салды. Бул тууралуу кечээ, 20-декабрда өкмөттүн жыйынында аялдардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөө боюнча жарлык чыгарылганын Талибандын өкүлдөрүнүн бири билдиргенин Assoсiated Press жазды. Ооганстандын Жогорку билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Зиауллах Хашминин билдирүүсүнө караганда, өлкөдө жеке жана мамлекеттик университеттерге кыздар үчүн сабактарды токтотуу буйругу берилген жана аны мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашыруу талап кылынган. Эске салсак, Ооганстанда буга чейин эле кыздардын Жогорку окуу жайларда айрым адистиктер боюнча: ветеринария, инженерия, экономика…

Прочитайте больше