ЕАЭБдин Бишкектеги жыйынында экономикалык абал талкууланат

ЕАЭБдин Бишкектеги жыйынында экономикалык абал талкууланат

 Бишкек шаарында 9-декабрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынындө талкуулануучу маселер боюнча президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев маалымат берди. “Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери өтүп бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, биримдиктин өнүгүү келечеги боюнча пикир алмашат”, – деп айтылат Азымбакиевдин билдирүүсүндө. Маалыматка караганда, жыйында биримдиктин ишин жөнгө салуу багытында бир катар документтерге кол коюлат. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык…

Прочитайте больше

Ооганстанда «Азаттык» жана «Америкаүнү» радиосунун уктурууларына тыюу салынды

Ооганстанда «Азаттык» жана «Америкаүнү» радиосунун уктурууларына тыюу салынды

 Ооганстанда Талибан кыймылы жетектеген өкмөт “Америка добушу” жана “Азаттык радиосунун” уктурууларына тыюу салды. Бул тууралуу 1-декабрда “Khaama Press” агенттиги Ооганстандын Маданият жана маалымат министрлигинин билдирүүсүнө таянып билдиргенин ТАСС агенттиги жазды. Маданият министрлигинин телерадиоберүүлөрдү көзөмөлдөө кызматынын башчысы Абдул Хак Хамаддын айтымына караганда, аталган чет элдик радиолордун жабылышына окуялардын бир жактуу чагылдырылышы жана журналисттик этиканын сакталбаганы себеп болгон. “Өлкөдө бийликти басып алган Талибан кыймылы тарабынан түзүлгөн Ооганстандын Убактылуу өкмөтү окуяларды бир жактуу чагылдырып, журналисттик этиканы сактабагандыктан “Азаттык” жана “Америка…

Прочитайте больше

Владимир Путин Бишкекке келет

Владимир Путин Бишкекке келет

 Россиянын президенти Владимир Путин ушул жумада Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) саммитине катышуу үчүн Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу “Россия 1” каналынын “Москва. Кремль. Путин” программасынын алып баруучусу Павел Зарубин өзүнүн Telegram-каналына жазды. Белгилей кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусу 9-декабрда Бишкекте өтөт. Быйыл Кыргызстан интеграциялык бирикмеге төрагалык кылууда. Бул Россия президентинин Садыр Жапаров президент болгондон бери Кыргызстанга жасаган алгачкы сапары болот. Ал буга чейин акыркы жолу экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда, 2019-жылы 28-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитине катышуу үчүн келген.

Прочитайте больше

Украина канча аскерин жоготту?

Украина канча аскерин жоготту?

  Президент Зеленскийдин кеңсеси согушта 13 миңдей адам өлгөнүн билдирди. Россиянын аскердик операциясынан кийин Украина 10 миңден 13 миңге чейинки аскерин жоготту. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк билдирди. Подоляк президент Зеленскийдин маалыматтары боюнча айтканын билдирүүдө, бирок Зеленский мындай маалыматтарды ачык айткан эмес. Бул расмий бийликтин  жоготуулар 10 миңден ашканы тууралуу алгачкы маалыматы. 30-ноябрда президенттин кеңсесинин кеңешчиси Алексей Арестович блогер Марк Фейгиндин YouTube-каналына курган маегинде өлгөндөрдүн саны 10 миңден 20 миңге чейин жетерин…

Прочитайте больше

«Түркия-Иран-Түркмөнстан-Өзбекстан» жаңы темир жол каттамы ачылды

«Түркия-Иран-Түркмөнстан-Өзбекстан» жаңы темир жол каттамы ачылды

 3-декабрда Ташкенттин борбордук темир жол вокзалында “Түркия-Иран-Түркмөнстан-Өзбекстан” жаңы темир жол каттамынын ачылышына арналган салтанат болуп өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Иш-чаранын катышуучулары Түркиядан Өзбекстанга келген алгачкы жүк поездин салтанаттуу тосуп алышты. “Турмуш-тиричилик техникасы жүктөлгөн 40 вагондон турган жүк поезди Түркия, Иран, Түркмөнстан аймагы аркылуу өтүп, Өзбекстанга келди”, – деп айтылат министрликтин маалыматында. Жалпы узундугу 4500 кмден ашкан маршрут чоң потенциалга ээ жана өзбек товарларын экспорттоо үчүн кошумча маршрут болуп саналат.Жаңы маршрутту…

Прочитайте больше

Украинада жакырлардын саны жыл аягына чейин 8 миллионго жетет

Украинада жакырлардын саны жыл аягына чейин 8 миллионго жетет

. 2022-жылдын аягына чейин Украинада жакырчылыкта жашагандардын саны 8 миллионго чейин көбөйөт. Бул тууралуу деп Дүйнөлүк банктын вице-президенти Анна Бьерде билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымына караганда, Украинаны калыбына келтирүү үчүн кеминде 500 миллиард евро талап кылынат. Ал австриялык Presse гезитине берген маегинде бул согуштун гуманитардык кесепеттерин “катастрофалык” деп атап, калк арасында жакырчылыктын деңгээли 2%дан 25%га чейин өсүп жатканын белгилеген. Октябрь айында ал банктын эсептөөлөрү боюнча Украинанын экономикасы быйыл 35% төмөндөй турганын айткан. Эске салсак, жакында эле Дүйнөлүк…

Прочитайте больше

Россиянын 74 аймагында «чочкотумоосу» аныкталды

Россиянын 74 аймагында «чочкотумоосу» аныкталды

 Россияда сасык тумоо, курч вирустук инфекция менен ооругандардын саны бир жумада 23%га өстү жана өлкөнүн 74 аймагында “чочко тумоосу” аныкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзор билдиргенин орус басылмалары жазышты. “Россияда сасык тумоо жана курч вирустук инфекция менен ооругандардын санынын өсүүсү уланууда. Акыркы жумада курч вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын саны өткөн жумага салыштырмалуу 23,3%га өстү. “Чочко тумоосу” деп аталган оору 74 аймакта аныкталды”, – деп айтылат Роспотребнадзордун маалыматында. Маалыматка ылайык, Россияда 72,4 миллиондон ашуун адам,…

Прочитайте больше

Марокконун футболчулары Испанияны уткандан кийин Палестинага колдоо көрсөтүштү

Марокконун футболчулары Испанияны уткандан кийин Палестинага колдоо көрсөтүштү

Марокконун курама командасынын футболчулары 1/8 финалда жеңишке жеткенден кийин Палестинанын желеги менен сүрөткө түшүп, палетиналыктарга колдоо көрсөтүштү. 7-декабрга караган түнү Марокконун курама командасы плей-оффтун биринчи таймында Испаниянын курамасын жеңип, тарыхта биринчи жолу чейрек финалга чыкты. Негизги жана кошумча убакыт 0:0 эсеби менен аяктады. Пенальти сериясында марокколуктар күчтүүрөөк болуп чыгып, оюн 3:0 эсебинде аяктады. Марокконун дарбазачысы Яссин Буну испаниялыктардын 11 метрлик эки соккусун кайтарып, дагы бири штангага тийди. Финалдык ышкырыктан кийин марокколук футболчулар күйөрмандарга таазим кылышты. Ошентип марокколуктар тарыхта биринчи…

Прочитайте больше

Иран кыргыз-тажик чекара маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө жардам берүүгө даяр

Иран кыргыз-тажик чекара маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө жардам берүүгө даяр

 Ирандын Бишкектеги элчиси Саид Харрази Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бокболотов менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы аскерий кызматташууларды жана аймактык маселелерди талкуулашты. Харрази Иран бийлигинин коңшулар менен алакаларды кеңейтүү боюнча тышкы саясатына жана өлкө президенти Ибрахим Раисинин буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери менен болгон көптөгөн жолугушууларына токтолуп, сентябрда Самаркандда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Иран менен Кыргызстандын президенттеринин жолугушуусун маанилүү деп баалады. Элчи ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Иранга сапар менен келүүгө даяр экенине токтолуп, Иран Ислам Республикасынын өкмөтү бул сапарга даярдыктарды көрүп…

Прочитайте больше