ЖМК: Израиль менен ХАМАС ок атууну бир айга токтотууну макулдашты

ЖМК: Израиль менен ХАМАС ок атууну бир айга токтотууну макулдашты

Израиль менен ХАМАС барымтадагы адамдарды бошотуу үчүн ок атууну бир айга токтотууга даяр. Бул тууралуу Reuters агенттиги өз булактарына таянып кабарлады. Сүйлөшүүлөр Катардын, АКШнын жана Египеттин ортомчулугу менен өтүүдө. Бирок агенттик убактылуу элдешүүнүн шарттары боюнча пикир келишпестиктер макулдашууга жетишүүнү кечеңдетип жатканын белгилейт. Буга чейин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш ок атышууну токтоосуз токтотууга чакырган. Ал ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатакты туруктуу чечүүнүн бирден-бир жолу Тель-Авивде четке кагылган Израиль жана Палестина эки мамлекет деген чечим экенин баса…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Ирандын ортосунда туризм боюнча кызматташуу жанданат

Кыргызстан менен Ирандын ортосунда туризм боюнча кызматташуу жанданат

23-январда Тегеран шаарында Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Турдакун Сыдыковдун ИИРдин Маданий мурастар, туризм жана кол өнөрчүлүк министринин орун басары  А.  Шалбафиян менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу КРнын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран туристтик кызматташтыгынын, ошондой эле эки өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүгүн практикалык жактан ишке ашыруу боюнча өз ара кызматташууну  жандандырууну талкуулашты. Тараптар өлкөлөр ортосундагы туристтик кызматташтыктын деңгээлин жогорулатууга багытталган биргелешкен планды аныкташты. Бул багытта үстүбүздөгү…

Прочитайте больше

Путин Түндүк Кореяга барышы күтүлүүдө

Путин Түндүк Кореяга барышы күтүлүүдө

Орусия президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын чакыруусу менен жакында Түндүк Кореяга барат. Бул тууралуу Кореянын борбордук маалымат агенттиги (KCNA) кабарлады. “Президент Путин мамлекеттик иштердин төрагасы, жолдош Ким Чен Ын аны ыңгайлуу убакта Пхеньянга келип кетүүгө чакырганы үчүн дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирди жана жакынкы келечекте Түндүк Кореяга барууга даяр экенин айтты”, — деп кабарлады KCNA агенттиги. Маалыматта Путин “корей элинин эң жакын досу” деп аталган. Маалыматты орус президентинин басма сөз…

Прочитайте больше

Радикалдан террорчуга бир кадам: Террордук топтордун катарына адамдарды эмне түртөт?

Радикалдан террорчуга бир кадам: Террордук топтордун катарына адамдарды эмне түртөт?

Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарында террордук акт жасоону пландап жаткан ар кандай топтордун жана ячейкалардын күч органдары (ар кайсы өлкөнүн) тарабынан аныкталгандыгы тууралуу материалдарды көп көрүүгө болот. Мындай учурлар Борбор Азияда да көп катталууда. Жакында эле Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан өлкөнүн түштүгүндө “ИМ” террордук уюмуна ант берип, бир катар теракттарды уюштурууну көздөгөн өспүрүмдөр кармалды. Адамдарды бул топтордун катарына кошулууга эмне түртөт (себептер), кимдер азгыруучулардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн жана андан кантип сактануу…

Прочитайте больше

Россиялык бизнес-джет Афганистанда кулап түштү

Россиялык бизнес-джет Афганистанда кулап түштү

Самолет Индиядан Москвага карай багыт алган. Анын бортунда болгону 6 адам учуп бараткан. Ташкентке күйүүчү май куюу үчүн конуш керек болчу. Ишемби күнү кечинде, 20-январда Афганистандын аба мейкиндигинде учур баратып РФнын мамлекеттик реестринин жарандык авиация тармагында катталган Falcon 10 самолету байланышка чыкпай, радардын экранынан жоголуп кеткен. Бул тууралуу Росавиациянын пресс-кызматы билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, самолеттун бортунда 6 адам  — 4 экипаждын мүчөсү жана 2 жүргүнчү болгон. «Самолет  «Атлетик Групп» ЖЧКга жана жеке тарапка таандык….

Прочитайте больше

Азия кубогу: Иран жана дагы үч команда мөөнөтүнөн мурда плей-оффко чыгышты

Азия кубогу: Иран жана дагы үч команда мөөнөтүнөн мурда плей-оффко чыгышты

Катарда Азия кубогу уланууда. Турнирге Кыргызстанды кошкондо 24 курама команда катышууда. 19-январдагы турнирде 3 беттеш өттү: “С” тайпасында – Гонконг – Иран, “D” тайпасында – Ирак – Япония  жана Вьетнам – Индонезия. Ирак сенсациялык түрдө Японияны 2:1 эсебинде (D тайпасы) жеңсе, Иран Гонконгду 1:0 эсебинде (С тайпасы) утуп алды. Ирак футболчусу Айман Хуссейн дубль жаратса, ирандыктардын командасынан голду Мехди Гайеди киргизди. Иран-Гонконг беттеши https://www.youtube.com/embed/VDeakUm7pKQ?start=2&feature=oembed Муну менен эки кошуна өлкө өздөрү үчүн абдан маанилү 6 упайга ээ болуп, плей-оффко…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Иран мындан ары дагы ар тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан менен Иран мындан ары дагы ар тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

19-январда тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн учурдагы абалын, бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну жана Бишкекте боло турган Тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелерди өткөрүү маселелерин талкуулашты. Министрдин орун басары Атаханов эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун, анын ичинде транспорт, айыл чарба, логистика, туризм жана башка тармактарда өз ара пайдалуу долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Маектешүүнүн соңунда…

Прочитайте больше

Иран менен Пакистан сокку алмашуулардан кийин элдешти

Иран менен Пакистан сокку алмашуулардан кийин элдешти

Пакистан менен Иран ушул аптада бири-биринин аймагындагы согушкерлердин буталарына абадан сокку урушту. Эки тарап тең каза болгондор тууралуу кабарлап, Исламабад өз элчисин чакыртып алган. Бирок жаңжалдын күчөшүн эч ким каалабайт, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшүп, деэскалация боюнча макулдашышты. Иран менен Пакистандын тышкы иштер министрлери Хоссейн Амир Абдоллахиан менен Жалил Аббас Жилани жума күнү телефон аркылуу сүйлөштү. Алар эки өлкөнүн элчилерин мөөнөтүнөн мурда кызматка кайтаруу маселеси талкуулашканын, Ирандын тышкы иштер министрлигинин Түштүк Азия…

Прочитайте больше

Түркия биринчи жолу астронавтын космоско жөнөттү. Видео

Түркия биринчи жолу астронавтын космоско жөнөттү. Видео

Түркия тарыхта биринчи жолу астронавтын Эл аралык космос станциясына жөнөттү. Түркиялык биринчи астронавт Альпер Гезеравжи бар экипаж SpaceX ракетасы менен аалам мейкиндигине ийгиликтүү учту. Муну менен Түркия автронавттарды космоско ийгиликтүү жөнөткөн өлкөлөрдүн бири болуп калды. Гезеравжи эки жуманын ичинде Эл аралык космос станциясында 13 түрдүү илимий тажрыйба жүргүзөт. Ax-3 миссиясынын экипажынын курамында түрк астронавтынан тышкары, НАСАнын мурдагы астронавты Майкл Лопез-Алегри (АКШ), италиялык аскердик учкуч Уолтер Вилладеи жана швециялык адис Маркус Вандт бар. “Бул абдан символикалык жана маанилүү…

Прочитайте больше

Казакстандын тынчтык орнотуучу күчтөрү Жакынкы Чыгышка жөнөтүлөт

Казакстандын тынчтык орнотуучу күчтөрү Жакынкы Чыгышка жөнөтүлөт

Казакстандын парламенти республиканын Куралдуу күчтөрүнүн 430 адамдан ашпаган аскер кызматкерлерин БУУнун бир нече миссияларына катышууга жөнөтүүнү жактырды. Бул тууралуу “Sputnik Казакстан” жазды. БУУнун чакыруусуна ылайык, 2024-жылдын мартынан тарта Казакстандын 139 аскер кызматкеринен турган биринчи өз алдынча улуттук тынчтык контингентин жайгаштыруу пландалууда. Контингент өзүнүн аскердик техникасы, курал-жарактары жана мүлкү менен “БУУнун Голан дөңсөөлөрүндөгү бөлүүгө байкоо жүргүзүүчү күчтөрү” миссиясына резервдик рота катары жөнөтүлөт. «Ал үчүн Бириккен Улуттар Уюму менен тараптардын милдеттенмелерин, ошондой эле контингенттин миссияга катышуусун финансылык…

Прочитайте больше

Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөр уланат

Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөр уланат

24-25-январда Казакстандын борборунда “Астана процессинин” алкагында Сирия боюнча сүйлөшүүлөр боло турганын өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдиргенин Sputnik Казакстан жазды. “”Астана форматындагы” кепил өлкөлөрдүн жамааттык кайрылуусу боюнча 2024-жылдын 24-25-январында Казакстандын борборунда Астана процессинин алкагында Сирия боюнча 21-эл аралык жолугушуу өтөт”, – деди Смадияров парламент кулуарында сүйлөгөн сөзүндө. Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги былтыр 20-21-июнда өткөн 20-жыйын Астанада өтө турган акыркы жыйын кылууну сунуштаган. Сунуштан кийин Россия, Түркия жана Иран жыйынтыктоочу билдирүүгө…

Прочитайте больше

Хуситтер Россия менен Кытай кемелеринин коопсуз өтүшүн камсыздоого даяр

Хуситтер Россия менен Кытай кемелеринин коопсуз өтүшүн камсыздоого даяр

Йемендеги “Ансар Аллах” кыймылы Кызыл деңизде Россия менен Кытай кемелеринин жүрүшүнө тоскоол болбойт. Бул тууралуу кыймылдын саясий бюросунун мүчөсү Мохаммед аль-Бахити «Известия» басылмасына берген маегинде билдирди. “Йемендик “Ансар Аллах” кыймылы Кызыл деңизде АКШ менен Британиянын кемелерине чабуул жасоодо. Калган башка өлкөлөргө анын ичинде Россия менен Кытайга келсек, алардын аймактагы кемелерине эч кандай коркунуч жок”, – деди ал. Аль-Бахити хуситтер орус жана кытай кемелеринин Кызыл деңизде коопсуз өтүшүн камсыздоого даяр экенин кошумчалады. Саясатчы ошондой эле израилдик кемелердин же…

Прочитайте больше

Хуситтер террордук уюмдардын тизмесине киргенине карабай, кемелерди аткылоону улантарын билдирди

Хуситтер террордук уюмдардын тизмесине киргенине карабай, кемелерди аткылоону улантарын билдирди

Йемендик “Ансар Аллах” кыймылы (хуситтер) террорчулардын тизмесине киргенине карабай, АКШнын аскерий жана коммерциялык кемелерине чабуулун уланта берет, деп Йемендин түндүгүндөгү башкаруучу кыймылдын Саясий бюросунун мүчөсү Хузам ал-Асад РИА Новостиге билдирди. Бир күн мурда хуситтер Аден булуңунда америкалык жүк ташуучу кемеге чабуул жасоочу учкучсуз учак менен кол салышкан. Кеме зыянга учураган, бирок багытын уланткан. Ошол эле күнү Америка Кошмо Штаттары “Ансар Аллахты” коммерциялык кемелерге кол салууларды улантып жатканы үчүн эл аралык террордук уюмдардын тизмесине кайтарган. «АКШнын бизди террордук…

Прочитайте больше

Пакистан Иранга сокку урду. Өзөктүк держава өз аймагындагы чабуулга жооп кайтардыбы?

Пакистан Иранга сокку урду. Өзөктүк держава өз аймагындагы чабуулга жооп кайтардыбы?

Пакистан Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан жана Белужистан провинциясындагы “террорчулардын баш калкалоочу жайларына” бир катар сокку урду. Бул тууралуу Пакистандын тышкы иштер министрлиги билдирди. Ведомство аскердик операциянын натыйжасында бир нече согушкер жок кылынганын билдирди. Ирандын Пакистан менен чектеш Сераван аймагындагы бир нече аймактарда жарылуулар болгонун ирандык “Mehr” агенттиги провинция губернаторунун коопсуздук боюнча орун басары Алиреза Мархаматиге таянуу менен билдирди. “Франс Пресс” агенттиги Пакистандын чалгындоо кызматынын өкүлүнө шилтеме берип, пакистандык аскерлер коңшу өлкөнүн аймагында «антипакистандык топторго» сокку урганын маалымдады. Пакистан…

Прочитайте больше

Пакистандын президенти Ариф Алвинин билдирүүсү

Пакистандын президенти Ариф Алвинин билдирүүсү

Пакистандын президенти Ариф Алви Иран менен тирешүү күчөгөндөн кийин Тегеран менен бир тууган өлкө экендиктерин, бирок өз жерлерин коргоо үчүн бардык чараларды көрө тургандарын айтты. Президент Алви жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Пакистандын улуттук коопсуздугу жана жеринин бүтүндүгүнөн баш тартпай турганын баса белгилеп, Пакистан армиясынын Ирандын Систан-Белужистан аймагындагы «террорчулардын баш калкалоочу жайларына» чабуулун мактады. Тегеран менен бир тууган өлкө экендиктерин, бирок жерлерин коргоо үчүн бардык чараларды көрө тургандарын белгилеген Алви, жок кылынышы үчүн глобалдык аракеттерди талап кылган…

Прочитайте больше
1 2 3 4