Whats App 30 миллиондон ашуун колдонуучусун жоготту

Whats App 30 миллиондон ашуун колдонуучусун жоготту

WhatsApp мессенжери акыркы үч жумада 30 миллиондон ашуун колдонуучусун жоготту. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “The Guardian” басылмасына шилтеме берип жазды. WhatsApp жоготкон колдонуучулардын арасынан болжол менен 25 миллиону Telegram  дагы 7 миллиондон ашууну  Signal мессенджерине өткөн. Колдонуучулардын WhatsAppтан массалык түрдө чыгуусуна  купуялык саясаттын өзгөрүшү себепчи болду. Жаңы саясаттын алкагында, бул мессенжер маалыматты өзүнүн башкы компаниясы – Facebookка өткөрүп берет. Буга чейин Telegramдын  негиздөөчүсү Павел Дуров колдонуучуларынын санынын рекорддук өсүшүн жарыялаган.

Прочитайте больше

Талибандын саясий делегациясы Тегеранга келди

Талибандын саясий делегациясы Тегеранга келди

Талибандын саясий делегациясы Ирандын Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен Тегеранга келди. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Талибандын саясий делегациясынын Тегеранга сапары жөнүндө жарыялады.Белгилей кетсек, Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде Талибандын молдо Абдул Гани Барадар башында турган саясий делегациясынын Тегеранга чакырылганын билдирди. Хатибзаденин айтымында, Тегеранда Талибандын саясий делегациясы Ирандын Тышкы иштер министри жана Ирандын Ооганстандагы атайын өкүлү баш болгон расмий адамдар менен жолугушуп, Ооганстандагы тынчтык жараяны жана ага байланыштуу маселелерди талкуулашат.

Прочитайте больше

Бишкекте мектеп окуучулары үчүн акысыз автобустун жүрүшү каралууда

Бишкекте мектеп окуучулары үчүн акысыз автобустун жүрүшү каралууда

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев социалдык маселелер боюнча жыйында мектеп окуучулары үчүн акысыз автобустарды жүргүзүүнү сунуштады. Анын айтымында, окуучуларды акысыз ташуу үчүн Шаардык транспорт башкармалыгына муниципалитеттин унаа токтотуучу жайынан 10 автобусту бөлүп берүү керек. Түлөбаев автобустун чыгымдарын мэрия өзү жабарын белгиледи.

Прочитайте больше

Трампка импичмент жарыялоо иши Сенатка өткөрүлүп берилди

Трампка импичмент жарыялоо иши Сенатка өткөрүлүп берилди

АКШнын экс-президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо иши Сенатта кароого жөнөтүлдү. Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Өкүлдөр палатасынан шайланган интерпелляциялык топтун мүчөлөрү, 8-февралда карала турган Трамптын “башаламандык уюштурган” деген айыптоо иш кагазын Сенатка жиберишти. Иш Сенатка жеткенден кийин, Өкүлдөр палатасынын импичмент тобунун башчысы Жимми Раскин Трамптын айыптоо боюнча корутундусун окуп берди.Белгилей кетсек, АКШнын Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо планын 13-январда жактырган.Эске салсак, Америка Кошмо Штаттарынын экс-президенти Дональд Трамп, өз тарапкерлерин 6-январда Капитолийге кол салууга үндөгөндүгүнө байланыштуу оор…

Прочитайте больше

Байдендин биринчи тышкы саясий кадамы

Байдендин биринчи тышкы саясий кадамы

АКШнын жаңы президенти Йемендин “Ансаруллах” партиясын эмбаргодон убактылуу бошотту. Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Каржы министрлиги Йемендин Ансаруллах кыймылына карата 26-февралга чейин созулган санкциялардан убактылуу бошотуу жөнүндө чечим чыгарды.Белгилей кетсек, АКШнын Каржы министрлигинин чечимине ылайык, Йемендин Ансаруллах кыймылы менен туткун алмашуу лицензиясы 26-февралга чейин берилди.Мурдараак, АКШнын Мамлекеттик департаменти Йемендин Ансаруллах кыймылын террордук уюм катары карай баштагандыгын жарыялаган.Мамлекеттик департаменттин өкүлүнүн айтымында, учурда департамент бул процесс боюнча биротоло чечим кабыл алуу үчүн маселени тез арада карап жатат.Эске…

Прочитайте больше

Эмгектенүү ибадат

Эмгектенүү ибадат

Суроо: Эмгектенүү ибадатпы? ЖООП Момундун эмгек кылуусу ибадат болуп саналат. Бирок, ыймансыз болсо ал адамдын эмгектенүүсү ибадат болбойт. Мен намаз окубайм, бирок, эмгектенип жатам, бул дагы ибадат деп айтуу жаңылыш. Намаз окубаган адамдын дагы эмгектенүүсү ибадат болбойт. Эч кимге муктаж болбоо үчүн эмгектенүү өтө жакшы. Пайгамбарыбыз Хазрети Муаз менен мусафаха кылган (кол алышкан) кезде буюрду: -Йа, Муаз, колдоруң жооруп калыптыр. -Ооба, йа Расулаллах, жер казыр иштейм, ушинтип бала-чакамдын нафакасын таап жатам. Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам”…

Прочитайте больше

Иран Тоолуу Карабактагы качкындарды кайтарууга жардам берүүгө даяр

Иран Тоолуу Карабактагы качкындарды кайтарууга жардам берүүгө даяр

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Иран Тоолуу Карабактан жер которуп кеткен качкындарды өз жерлерине кайтарууга көмөктөшүүгө даяр деп билдирди. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Зариф жекшемби күнү Бакуга келгенден кийин: “Иран бийлиги Тоолуу Карабактагы качкындардын мекенине кайтып келүүсүнө жардам берүүгө даяр”, – деди. “Биз бошотулган аймактардын жашоочулары үйлөрүнө кайтып келүүсүнө жардам бергибиз келет”, – деп билдирди ал. Зариф бүгүн Азербайжан тараптын өкүлдөрү менен согуш жүргөн  аймактарды калыбына келтирүү, Тоолуу Карабактагы кырдаалды, ошондой эле аймактагы туруктуулукту…

Прочитайте больше

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Байденге эскертүү берди

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Байденге эскертүү берди

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Байдендин башкаруусундагы Америка Кошмо Штаттарын эки мамлекеттин мамилелерине таасир этүүчү жосунсуз жоруктардан сак болууга чакырды. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын ТИМи өз билдирүүсүндө америкалык дипломаттардын орусиялык экстремизге үндөө аракеттери ийгиликсиз аяктагандыгын жана бул аракеттер акыры Москва-Вашингтон мамилелерине терс таасирин тийгизерин эскертти. Министрлик мындай деп кошумчалады: “Америка Кошмо Штаттары оболу өзүнүн ички көйгөйлөрүн, анын ичинде коомдогу социалдык адилетсиздиктен улам пайда болгон терең жараканы чечиши керек”. Министрлик ошондой эле АКШнын Москвадагы элчилигинин Жогорку…

Прочитайте больше

Ирактын президентинин буйругу менен 340 адам өлүмжазасына тартылат

Ирактын президентинин буйругу менен 340 адам өлүмжазасына тартылат

Ирак Республикасынын Президентинин Аппараты 340тан ашуун соттолгон террорчулар менен кылмышкерлердин өлүм жазасына тартылышынын акыркы тастыктамасын жарыялады. Бул тууралуу Pars Today агенттиги “Родавонт” маалыматына шилтеме берип жазды.Белгилей кетсек, Ирак Республикасынын Президенти Бархам Салехтин кеңсеси 24-январда өлүм жазасын бузуунун бардык деталдарын иликтеп чыгып, 2016-жылы мунапыс боюнча мыйзамдын аткарылышынан кийин, бул өлүм өкүмдөрүнүн акыркы ырасталышы Конституцияга ылайык болгонун жарыялады.Ал эми 23-январда Ирак парламентиндеги “ас-Садикун” фракциясы 70 депутаттын колун чогултуп, президенттин түрмөдөгү ИШИМ террорчуларынын өлүм жазасын аягына чейин чыгарган мыйзам кабыл…

Прочитайте больше

Коронавирус табылган мектептер онлайн режимде окууга өткөрүлөт

Коронавирус табылган мектептер онлайн режимде окууга өткөрүлөт

Бишкекте коронавирус табылган эки мектеп онлайн режимде окууга өткөрүлөт. Шаардык мэрия билдиргендей, мектептердин окуучулары азырынча эки жума бою аралыктан билим алышат. 24-январда башкалаадагы эки мектептин окуучуларынан коронавирус табылганы белгилүү болгон. Алар кайсы мектептер экени айтылган эмес. Мэрия оорунун белгилери байкалган үй-бүлөлөрдү коронавируска тест тапшырууга чакырды. Ал тууралуу мектептин администрациясына кабар берүүгө, анализдердин жыйынтыгы чыкканга чейин балдарын үйдөн чыгарбоого ата-энелерди үндөдү. Кыргызстандагы жана Бишкектеги мектептер былтыр марттан тартып онлайн режимге өткөн. Башкалаада быйыл январда мектептердин көбү…

Прочитайте больше

Жума күнү “Аль-Кахф” сүрөсүн окуу – сүннөт. Бул сүрө эмне жөнүндө?

Жума күнү “Аль-Кахф” сүрөсүн окуу – сүннөт. Бул сүрө эмне жөнүндө?

Мен Бруней-Даруссалам султандыгында жашап жүргөн кезимде бейшемби күндөрү кимдир-бирөөнү көчөгө алып чыгуу мүмкүн эмес болчу. Качан болбосун бардыгы : “Бүгүн жума түнү, үй-бүлөбүз менен бирге “Кахф” сүрөсүн окуйбуз”,- деп жооп беришет эле. Жума күнү Ыйык Курандын он сегизинчи сүрөсүн окуу сүннөт болуп саналат. Өзүңүздөр билгендей, исламга ылайык, Шам намазынан кийин жаңы күн башталат. Ошондуктан, бейшемби күнкү кечти – “Кахф” сүрөсүн окууга арноо керек. “Кахф” сүрөсү сегиз бөлүккө бөлүнгөн, аларга көз салып көрөлү. Жума күндөрү “Кахф”…

Прочитайте больше

Өзөктүк куралдарга тыюу салган биринчи эл аралык келишим күчүнө кирди

Өзөктүк куралдарга тыюу салган биринчи эл аралык келишим күчүнө кирди

Стефан Дюжаррик “Ядролук куралдарга тыюу салуу келишиминин” жума күндөн тарта күчүнө киргенин билдирди. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) өзөктүк куралдарга тыюу салган биринчи эл аралык келишим болгон “Ядролук куралдарга тыюу салуу келишиминин” күчүнө киргенин жарыялады. БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик “Ядролук куралдарга тыюу салуу келишиминин” (TPNW) жума күндөн тарта күчүнө киргенин билдирди. БУУ тарабынан 2017-жылдын 20-сентябрында кол коюуга ачылган келишим үчүн 50 өлкөдөн эч кандай шартта өзөктүк курал жасабоо, сынабоо, өндүрбөө, сатып албоо…

Прочитайте больше

Ирактын борборундагы АКШнын аскердик базасына ракеталык чабуул жасалды

Ирактын борборундагы АКШнын аскердик базасына ракеталык чабуул жасалды

Маалымат булактары Багдад эл аралык аэропортунун жанындагы АКШнын аскердик базасына ракеталык чабуул жасалгандыгын кабарлашты. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.Багдад аэропортунун айланасында АКШнын “Виктори” аскер базасы жайгашкан жерге кеминде төрт ракета атылды.Кол салуудан кийин сирена үнү угулуп, Американын учкучсуз учактары аймактын үстүнөн учуп өтүштү.Ракеталардын бири Виктори базасына тийгени айтылууда. Бирок, жоготуулар боюнча маалымат бериле элек. Буга чейин аскердик базада АКШнын аскердик коргонуу тутуму активдештирилгени кабарланган.Берилген маалыматка ылайык, аты аталбаган коопсуздук булагы Ирактагы Американын Виктори базасында жаңы C-RAM…

Прочитайте больше

Кыргызстан COVID-19дун экинчи толкунуна даярданууда

Кыргызстан COVID-19дун экинчи толкунуна даярданууда

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: Өкмөт биринчи толкундан сабак алып, саламаттык сактоо туумун модернизациялоонун жана эпидемиялык абалга жооп кайтаруунун так планын даярдашы керек. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков саламаттык сактоо тутумундагы актуалдуу маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди. «Коомчулукта саламаттык сактоо тутумунун иштөөсүнүн натыйжалуулугуна, ошондой эле коронавирус инфекциясын жоюу жаатында кабыл алынып жаткан чараларга, вакциналарды сатып алуу жана аны өлкөгө жеткирүүгө тийиштүү көптөгөн суроолор…

Прочитайте больше

Иран аймактагы эң ири бензин экспорттоочу өлкө

Иран аймактагы эң ири бензин экспорттоочу өлкө

Ирандын мунай министринин орун басары Алиреза Садегабади бүгүнкү күндө өлкөнүн Улуттук мунайды кайра иштетүү жана бөлүштүрүү компаниясы аймактагы эң ири бензин өндүрүүчү жана экспорттоочу компания болуп саналарын билдирди. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Садегабади Тегеранда өткөн 25-мунай, газ, мунайды кайра иштетүү жана мунай химиясынын көргөзмөсүнүн алкагында сөз сүйлөп, “Ирандын Улуттук мунайды кайра иштетүү жана бөлүштүрүү компаниясы учурда бензинди Ооганстан, Пакистан, Армения, Азербайжанга, ошондой эле Ирактын Курдистан аймагына бензинди түз экспорттойт”, – деп билдирди. Ал 2017-жылы Иранга…

Прочитайте больше
1 128 129 130 131 132 133