АКШнын Сенаты Украинага жардам пакетин жактырды

Каражаттын көбү куралданууга жумшалат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.

Мыйзам долбоору эми АКШнын президенти Жо Байденге кол коюуга жөнөтүлөт. Ал Украинага дароо жардам бериле башташы үчүн жакынкы бир нече сааттын ичинде документке кол коюусу күтүлүүдө.

Бөлүнгөн каражат эмнеге жумшалат:

–  6 миллиард доллар – коргонууга (машыгуу, жабдуулар жана курал);

–  8,7 миллиард доллар – АКШдан Украинага жөнөтүлүп жаткан курал-жарактардын запасын толтурууга;

–  3,9 миллиард доллар – АКШнын куралдуу күчтөрүнүн европалык командачылыгына жардам катары;

–  5 миллиард доллар – глобалдык азык-түлүк кризисин чечүү үчүн;

–  11 миллиард доллар – Президенти Жо Байден Конгресстин макулдугусуз колдоно ала турган америкалык операциялык (Presidential Drawdown Authority) жардам;

–  9 миллиард доллар Киевге экономикалык жардам көрсөтүүгө;

–  болжол менен 900 миллион доллар украиналык качкындарды колдоого жумшалат.

Кабыл алынган документ Украинага курал берүү процедурасын жөнөкөйлөтөт: Американын курал-жарактарын Украинага жана башка Чыгыш Европа өлкөлөрүнө ижарага берүү мүмкүн болот.

Аталган мыйзам долбоорун кошкондо, акыркы эки айда Американын Киевге берген жардамынын жалпы суммасы 54 миллиард долларга жакын болот.

Комментарий жиберүү