АКШнын 20 доллардык валютасындагы сүрөт алмаштырылат

АКШнын 20 доллардык акча бирдигинде кулчулукка каршы күрөшкөн кара терилүү активисттин сүрөтү пайда болот.

 Islam Today: АКШнын Каржы министрлиги 20 доллардык купюрадагы сүрөттү алмаштыруу маселесине кайтып келди.
Белгилей кетсек, жетинчи Президент Эндрю Жексондун ордуна, анда кулдарды бошотуу боюнча активист Гарриет Табмендин сүрөтү коюлат.
Ак үйдүн өкүлү Жен Псакинин айтымында, Табмен кылымдан ашуун убакыт ичинде америкалык банкноттордо сүрөтү чыккан биринчи аял болуп калмакчы.
Эске салсак, бул чечим Барак Обаманын администрациясы тарабынан кабыл алынган, бирок Дональд Трамптын тушунда бул маселе 2028-жылга чейин жылдырылган.
Ал эми Жо Байдендин жаңы администрациясы учурдагы күн тартибиндеги мыйзам долбоорундагы сүрөттү алмаштырууну кароону кайтарып берди.
Табмен 19-кылымда жер астындагы темир жол деп аталган активисттердин жашыруун тармагында активдүү иштеген. Алар кулчулук плантацияларын таштап качкандарга түндүк штаттарына жана Канадага жетүүгө жардам беришкен. Табмен кеминде 70 кулду бошотууга жеке өзү катышкандыгы белгилүү.

Комментарий жиберүү