АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешине койгон Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирүү талабынан баш тартты

Вашингтон Иранга каршы санкцияларды БУУнун Коопсуздук Кеңеши аркылуу калыбына келтирүү чечимин өзгөрттү.
Tasnim News маалымат порталы билдиргендей, АКШ Иранга каршы санкцияларды жаңыртуу талабынан баш тартты.
Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Ричард Миллс кабарлаган.
Белгилей кетсек, 2020-жылы августта АКШнын мурдагы администрациясынын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Коопсуздук Кеңешинде Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирүү жол-жобосун баштоого аракет кылган.
Ал өз сунушун БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын атына жолдоп, анын себебин Иран тарабынан келишимдин шарттары бузулганын шылтоологон.
Эске салсак, АКШ 2018-жылы Иран менен болгон 5+1 өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгып кеткен.
Вашингтондун жаңы администрациясынын акыркы чечимине карата жооп кылып, Иран ТИМ жетекчиси Мухаммад Жавад Зариф Твиттер баракчасында билдирди.
Анын айтымында Иранга карата санкциялар кайра калыбына келтирүү башынана эле мыйзамсыз болгон. Ошондой эле БУУнуну Коопсуздук Кеңишинин 2231 токтомуна ылайык, Иранга киргизилген бардык санкциялар мындан ары эч кандай шарт коюсуз жоюлушу керек.

Комментарий жиберүү