АКШ Конгрессмендеринин баары эле Украинага аскердик жардам берүүгө макул эмес

Жо Байден Конгресстен Украина үчүн 37,7 млрд. доллар сурады.

АКШнын президенти Жо Байден шейшембиде Конгресске Украинага жардам үчүн 37 млрд. 700 млн. доллар сураган кат жиберди. Бул каражаттын 21 млрд. доллары украин аскерлерине курал сатып алууга жумшалат.

Бул маселе Конгресстин азыркы – эки палатада тең демократтар басымдуулук кылган курамында каралат.

2023-жылдын 3-январынан тартып жаңы чакырылыштагы Конгресс ишке кирет. Алдын ала маалыматтарга ылайык, көпчүлүктү республикачылар алат. Алардын айрымдары Киевге масштабдуу жардам берүүгө макул эместер.

Президенттик администрациянын каржы башкармалыгынын башчысы Шэланд Янгдын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосиге жазган катында: “Конгресстеги кош партиянын колдоосу менен биз Украинага согуш талаасындагы ийгилигинин ачкычы болуп берген жардамды бере алдык. Бул жардамды токтотуп кое албайбыз”, – деп жазылган.

Бул каражат Украинага аскердик жардамдан тышкары Украинанын өзөктүк энергетикасынын коопсуздугун бекемдөө, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн гуманитардык, каржылык жана башка жардамга да сарпталат.

Жарым жыл мурда Конгресс Украинаны колдоо үчүн 40 млрд. доллар бөлүп берген. Байдендин администрациясы анын 18 млрд. доллары курал-жарак сатып алууга сарпталганын билдирген.

Комментарий жиберүү