АКШ Россияга санкция киргизген өлкөлөрдүн коалициясын түзүүнү сунуштады

АКШнын каржы министри Жанет Йеллен Украинадагы атайын аскердик операциядан улам Россияга каршы санкция киргизген өлкөлөрдүн коалициясын түзүүнү сунуштады.

“Менин оюмча, бизге Россияга каршы санкцияларды киргизүүгө макул боло турган өлкөлөрдүн абдан чоң тобу керек. Дүйнөлүк масштабда санкцияларды натыйжалуурак кылуу үчүн мындай коалицияны түзүү зарыл”, – деди АКШнын каржы министри New York Times гезити уюштурган талкууда.

Белгилей кетсек, Россия армиясынын Украинаны  демилитаризация жана денацификациялоо боюнча операциясы башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага каршы жаңы санкцияларды жарыялашууда.

Ал учурда Американын президенти Жо Байдендин администрациясы санкцияларды колдогон өлкөлөрдүн чөйрөсүн кеңейтүүгө аракет кылууда.

РФ президенти Владимир Путин Батыштын Москваны ооздуктоо жана алсыздандыруу саясатын – узак мөөнөттүү стратегия экенин жана санкциялар бүткүл дүйнөлүк экономикага олуттуу сокку урганын билдирди.

АКШнын каржы министринин бул сунушу боюнча Россиянын Эл аралык гуманитардык жана саясий изилдөөлөр институтунун эксперти Владимир Брутер RT телеканалына берген маегинде комментарий берди.

Саясат таануучунун айтымында, мындай коалиция мурунтан эле бар жана санкцияларга кошулууну каалагандар буга чейин эле кошулушкан.

“Бул Американын суроо-талаптары боюнча форматталып жаткан – Евробиримдик”, – деди Брутер.

Комментарий жиберүү