АКШ: Түркияны НАТОдон чыгарууга убакыт келди

Түркия альянсты кеңейтүүгө карата позициясынан улам НАТОдон чыгарылыш керек. Мындай билдирүүнү Жакынкы Чыгыш форумунун президенти, тарыхчы жана чыгыш таануучу Дэниел Пайпс TVP World телеканалынын эфиринде билдирди.

Бул тууралуу РИА Новости жазды.

“Мындай кырдаалдагы Анкаранын аракети “шантаж”. Эгер ага кандайдыр бир артыкчылыктар берилсе, ал альянсты кеңейтүүгө макул болушу мүмкүн”, – деди Пайпс.

Мындан тышкары, эксперт Түркиянын акыркы жыйырма жылдагы эл аралык саясатын сынга алды.

“1952-жылдан 2002-жылга чейин Түркия НАТОнун абдан жакшы өнөктөшү болгон, бирок акыркы 20 жылда ал жада калса шериктеш да боло алган жок. Анкара Греция сыяктуу НАТОнун мүчөлөрүнө душмандык саясатын жүргүзөт, Сирияга басып кирди, Европаны сириялык мигранттар менен коркутууда, Орусиядан C-400 комплекстерин сатып алууда” – деди ал.

Ал Түркия Финляндия жана Швеция боюнча позициясынан улам ажырап чындап эле альянстагы мүчөлүгүнөн калды деп эсептейт.

Бирок, ошол эле учурда европалыктар Стокгольм менен Хельсинкинин альянска мүчө болуусу тууралуу чечимди Европа аймагы үчүн кооптуу деп тынчсызданышууда.

Эске салсак, 18-майда Брюсселде Швеция менен Финляндиянын элчилери НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге Түндүк атлантикалык союзга кирүү үчүн расмий арыз тапшырышкан.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аталган уюмга Финляндия менен Швецияны кошууга каршы экенин, алардын арызына бөгөт коёрун билдирген. Ал Хельсинки менен Стокгольмду терроризмди колдоого айыптап, Анкара террорист деп эсептеген кишилерге саясий баш паанек берип жатканын айткан.

Комментарий жиберүү