АКШ Украинага 1 миллиард долларлык курал-жарак берилерин жарыялады

15-июнда Кошмо Штаттар Украинага 1 миллиард долларга жакын суммага кошумча курал-жарак берилерин жарыялады. Украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө АКШ президенти Жо Байден Штаттар жардамын уланта берерин билдирди. Анын билдирүүсүндө “Жашоосун бул согуш үзгүлтүккө учураткан украин элине колдоо көрсөтүү уланары” айтылды.

Кезектеги жардамдын курамына реактивдүү системалар үчүн ракеталар, гаубицалар жана кошумча тетиктер кирет.

15-июнда АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Брюсселде союздаш өлкөлөрдүн коргоо министрлери менен жыйын куруп, Украинага жардам маселесин талкуулады. Ал Украина өзүн жана жарандары менен жерин коргоп калуусу үчүн азыркыдан да көбүрөөк колдоо алышы керектигин айтты.

Комментарий жиберүү