Акыркы 21 жылдан бери колго түшпөй келген «Аль-Каиданын» лидери өлтүрүлдү

Өткөн дем алыш күндөрү АКШнын учкучсуз учагы Ооганстандын борбору Кабул шаарында “Аль-Каида” террордук уюмунун лидери Айман ал-Завахирини жок кылды.

Бул тууралуу кечээ, 1-август күнү кечинде АКШ президенти Жо Байден билдирди.

  • Анын айтымында, Айман аз-Завахиринин кайда экенин АКШнын чалгын кызматы мындан бир нече ай мурда аныктаган. Тийиштүү жетекчилик менен кеңешкенден кийин аз-Завахирини жок кылуу боюнча буйрук берилген жана анын Кабулдагы үйүнө 31-июлда таңкы саат 6:18де эки ракета менен сокку урулган.

Аткылоодон “Ал-Каиданын” башчысынан башка эч ким жапа чекпегени маалымдалды. Ракета тийген убакта Айман аз-Завахири үйдүн балконунда болгон.

Байден муну менен Вашингтон террорчуларды дүйнөнүн кайсы жеринде гана болбосун таап, жазага тартарын көргөздү деп эсептейт.

Бул окуя азыр бийликтеги талибдер Айман аз-Завахиринин Кабулда жашап жатканын билгенби деген суроону жаратты. Анткени АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүү маалында талибдер “Ооганстандын аймагына террорчуларды киргизбейбиз” деп сөз беришкен.

Өз кезегинде “Талибан” кыймылынын өкүлү Забихулла Муджахид талибдер башкарып жаткан Ооганстандын өкмөтү бул ракеталык аткылоону кескин сындай турганын билдирди.

Президент Жо Байден үчүн бул окуя анын президенттик ишмердигинин маанилүү белеси болуп калды, себеби Айман аз-Завахири акыркы 21 жылдан бери колго түшпөй келген.

АКШнын чалгын кызматынын маалыматы боюнча Айман аз-Завахири 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы дээрлик үч миң кишинин өмүрүн алган ири террордук чабуулду уюштургандардын башында турган.

Комментарий жиберүү