Арабдар Палестинаны сатып жибериштиби?

Перс булуңундагы араб өлкөлөрү сионисттик режим менен мамилелерин жакшыртуу  менен Палестинаны сатып жибергендей болушту.

Eurasia Today агенттигинин маалыматына ылайык, айрым араб өлкөлөрүнүн сионисттик режимдин ишмердүүлүгүн ар кандай тармактарда – энергетикадан космоско, абага, саламаттык сактоого жана технологияга чейин колдоо көрсөтүүсүнөн улам Палестина улам кыйынчылыктарга кабылууда. Палестина тез арада каржылык колдоого муктаж болгонуна карабастан, БАЭ оккупацияланган аймактарга 10 млрд. доллар инвестиция салуу боюнча жаңы кадам таштады.
Бул тууралуу Аль-Маядин сайты мындай деп жазган: БАЭ жакында 10 млрд. долларлык фонд жарыялап, сионисттик режимдин энергетика жана космос сыяктуу ар кандай тармактарына инвестиция салуу максатын ачыктаган.
Бул ирет, Бириккен Араб Эмираттары сионисттер менен мамилелерди жакшыртуу чегинен чыгып кетти окшойт.
Сионисттик режимдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин орун алган, сионисттик режимдин экономикасын колдоо үчүн Бириккен Араб Эмираттарынын инвестициялык фондусунан акчалар массалык түрдө агылууда.
 Албетте, БАЭнин мындай кадамы иш жүзүндө палестиналыктарды каржылык колдоодон ажыратып, колдоонун сионисттик режимдин ар кандай чөйрөлөрүнө: энергиядан космоско, саламаттык сактоого, сууга, технологияга ж.б. тармактарына жумшоодо.
Бирок таң калычтуу нерсе, Бириккен Араб Эмираттарынын Тель-Авивге болгон марттыгы менен Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн палестиналыктарга көрсөткөн колдоосу олуттуу кыскартылганы байкалды.
UNRWA (БУУнун Палестинага жардам берүү уюму) маалыматы боюнча, арабдардын Палестинага 2018-жылы каржылык колдоосу болжол менен 200 млн. доллар болсо, ал эми 2020-жылы болгону 50 млн. долларды түзгөн. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Катардын UNRWAга каржылык жардамы 2020-жылы 8 млн. долларды түзсө, Доха уюмга 2019-жылы 27 млн. 2018-жылы 51 млн. доллар кошкон.
Акыркы жылдары Сауд Аравиянын UNRWAга көрсөткөн каржылык жардамы төмөндөгөн; бул өлкө 2018-жылы 159 млн. доллар берсе, 2020-жылы 62 млн. доллар берген, ал эми 2019-жылы эч кандай жардам көрсөткөн эмес.
Мындан тышкары, Сауд Аравиясынын Палестина бюджетин колдоосу 2020-жылы болжол менен 81,4 пайызга, 2019-жылы 174,7 млн. доллардан 32,5 млн. долларга чейин төмөндөгөн.
Албетте, Перс булуңундагы араб өлкөлөрдүн Палестинаны колдоосунун төмөндөшүнө көптөгөн себептер бар; Палестинанын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Палестинанын автономиялык бийлигине АКШнын экс-президенти Дональд Трамп жарыялаган “Кылым келишимине” макулдугун берүү үчүн кысым көрсөтүлүп жатат.
Араб өлкөлөрүнүн Трамптын Палестинага каржылык колдоо көрсөтпөө өтүнүчүн аткаргандыгынын дагы бир себебинен, АКШнын UNRWAга болгон колдоосун 2018-жылы 360 млн. доллардан 60 млн. долларга чейин кыскартып, 2019-жылы нөлгө түшүрдү.
Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринен Палестинаны колдоонун төмөндөшү ушул өлкөлөрдүн айрымдары менен сионисттик режимдин ортосундагы мамилелердин жөнгө салынышына туш келсе, Бириккен Араб Эмираттары Палестинага каршы санкцияларды 2010-жылдан бери киргизип келе жатат.
 Le Monde гезити билдиргендей, сионисттик режим жана БАЭ палестиналык качкындар маселесин чечпестен, UNRWAны жоюуга аракет кылып жатышат. Le Monde гезити мындай аракеттердин себеби, сионисттик режим 1948-жылы аталары чыгарылган жерлерине кайтып келүүнү каалаган жер которгон адамдарды колдоп, UNRWAны Палестина менен сионисттик режимдин ортосунда тынчтык орнотууга тоскоолдук кылышын талап кылууда.
Перс булуңундагы Араб мамлекеттери сионисттик режим менен мамилелерди жөнгө салуу менен Палестина элин артта калтырууда; алар сионисттик режимдин иш-аракеттеринин энергетикадан баштап космоско, сууга, ден-соолукка жана технологияга чейинки ар кандай тармактарын колдошот, Палестина эли режим аркылуу четке кагылып келе жаткан минималдык укуктарынын жетишсиздигинен жапа чегип келишет.

Ошентип, бул иш-аракеттердин мааниси айдан-ачык: Перс булуңундагы араб өлкөлөрү сионисттик режим менен тынчтыкты жактырышып, ал тургай Палестина маселесине жана палестиналыктарга зыян келтирип, бул режимдин пландарын колдошуда.

Комментарий жиберүү