Байден Америка Кошмо Штаттарынын ичиндеги негизги террордук коркунучту атады

АКШ Президенти өлкө үчүн негизги ички террордук коркунучту атады.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, “ак терилүүлөрдү артык эсептеген” кыймыл АКШдагы эң чоң террордук коркунучту жаратат.
 Бул тууралуу Милуокидеги (Висконсин штаты) коомдук жыйында сүйлөп жатып, АКШнын президенти Жо Байден билдирди.
«Бул биздин жашообуздун каргышы. Алар ар дайым болуп келген. Алар чындыгында жинди топтор, алар кооптуу адамдар. Мен Юстиция Департаментинен бул адамдарга көбүрөөк көңүл буруусун талап кылам. Биз чогуу бул кыймылдын өсүшү менен кантип күрөшүү керектигине көңүл бурушубуз керек”, – деп айтты Ак үйдүн башчысы.
Белгилей кетсек, буга чейин Байден өз администрациясына ички экстремизге каршы күрөштү күчөтүүнү баса айтып, 6-январда АКШ Конгрессинде болгон башаламандыкка байланыштуу ички экстремизминин коркунучтарын ар тараптуу баалоону тапшырган.
АКШ президенти ошондой эле полицияга каржылоону кыскартпастан, тескерисинче, элди ишенимдүү полиция менен камсыз кылуу үчүн айлыктарын көбөйтүү керектигин кошумчалады.
 Мындан тышкары, Байден АКШдагы тутумдук расизмге каршы күрөшүү жана полиция кызматкерлерине афроамерикалыктар менен испандыктарды көбүрөөк тартуу зарылдыгын белгиледи.

Комментарий жиберүү