Байден Иранга каршы санкцияларды кыскартуу маселесин карайт

Жо Байдендин өкмөтү Иран менен өзөктүк келишимди жандандыруу үчүн өлкөнүн мурунку президенти Дональд Трамптын учурунда Тегеранга каршы жарыяланган санкцияларды жеңилдетүү маселесин караштырууда.

«ir.Sputnik News» агентиги “Times” агенттигинин маалыматына ылайык, Жо Байдендин өкмөтү Иран менен сүйлөшүү столуна отурууга даяр экенин билдиргени менен катар санкциялардын кыскартылышы мүмкүн экенин маалымдаган белгилер дагы бар экенин кабарлады.
АКШнын Улуттук коопсуздугундагы маалымат булактарынын бири Иранга каршы санкциялар тууралуу жарыялаган маалыматында, “Санкциялар сөссүз түрдө кыскартылат. Бүгүн же эртен болбошу мүмкүн, бирок келечекте”, – деп жазды.
Байдендин администрациясы Ирандын өзөктүк программасы боюнча Биргелешкен иш-аракеттер планына кайтып келүүнү каалоосу боюнча бир нече жолу айткан жана жакында эле Иран менен 5 + 1 алкагында сүйлөшүүлөргө кайтууга даяр экендигин жарыялады.
Иран Ислам Республикасынын расмий өкүлдөрү АКШ өзөктүк келишимден чыгып, өз милдеттенмелерин бузган тарап катары өзөктүк келишимге биринчи кайтып келип, Иранга каршы санкцияларды алып салуу менен жакшы ниетин көрсөтүшү керек деп баса белгилешүүдө.
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Тегеран санкциялар алынып жана АКШнын жүрүм-туруму өзгөргөндө гана сүйлөшүүлөргө кире турганын, бирок Байдендин өкмөтү Ирандын COVID-19дун вакцинасын сатып алуусуна бөгөт коюуну улантып жатканын билдирди. Ошондой эле, эгерде Америка Кошмо Штаттары Иран менен экономикалык мамиле түзүүнү каалабаса, башкаларга Иран менен соода кылууга мүмкүнчүлүк бериши керектигин баса белгиледи.
Мухаммад Зариф АКШ өзөктүк келишимден чыгып кеткенден берки Ирандын өзөктүк өнүгүүсүнө токтолуп, Иран учурда уран коруна көбүрөөк ээ экенин, бирок  эч кимди коркутпай турганын жана өз укугуктарын гана колдонорун айтты. Мындан тышкары, Америка келишимге кайтып келгенден кийин Иранга жоготуулардын ордун толтуруп жана мындай жүрүм-турумду кайталабоого милдеттениши керектигин баса белгилеп өттү: “Бизде көптөгөн өтүнүчтөр бар жана биз АКШ тараптан сөз түрүндө эмес, практикалык иш-аракеттерди көрүүнү каалайбыз. Бирок, учурда Байден Обаманын эмес, Трамптын саясатын жүргүзүп жаткандыгынан көйгөй жаралууда”, – деди Зариф.

Комментарий жиберүү