Байден Кытай Тайванга аскерин киргизсе, АКШ кийлигише турганын эскертти

АКШнын президенти Жо Байден 24-майда Токиодо Азия-Тынч океаны чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн “Төрт тараптуу диалог” деп аталган бейрасмий саммитинде Жапониянын, Австралиянын жана Индиянын лидерлери менен жолукту.

Анда алар Орусиянын Украинага жасаган баскынчылыгын жана Кытайдын Тайванга кол салуу ыктымалдыгын талкуулашып, бул боюнча бир пикирде экенин, баары айыптай турганын билдиришти.

Саммиттин 23-майдагы учурашуу учурунда Байден эгер Кытай Тайвандын аймагына аскерин киргизсе, кырдаалга АКШ кийлигише турганын айтты. Журналисттердин тактоо иретиндеги суроосуна америкалык президент 24-майдагы билдирүүсүндө да ырастады.

“Бул боюнча позиция эч качан өзгөрбөйт. Мен муну кечээги билдирүүмдө эле айткам”,-деди Байден журналисттердин суроосуна жооп берип жатып. Өз сөзүндө ал Орусиянын Украинага басып кирүүсүнөн кийин Тайванды коргоо зарылчылыгы ого бетер күчөгөнүн кошумчалады.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминьдан партиясы өлкөнүн Тайвань аралына баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катарып карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. 

Комментарий жиберүү