Байден менен Си Украинада өзөктүк курал колдонууга каршы

 АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпин Индонезиянын Бали аралындагы жолугушууда бир нече маселени, анын ичинде Россиянын Украинадагы согушун талкуулап, жаңжалда өзөктүк куралды колдонууга каршы экенин айтышты.

Бул тууралуу маалыматты Ак үй таратты.

Ага ылайык, Россиянын кол салуусуна тиешелүү теманы Байден козгоду.

“Президент Байден менен төрага Си өзөктүк согуш тутанбашы керектигин, Украинада андай куралды колдонууга же пайдаланылат деген коркутууларга каршы экенин белгилешти”, – деп айтылат билдирүүдө.

Байкоочулар Киевдин атомдук куралы жок болгондуктан, лидерлер биринчи кезекте Москвага кайрылды деп эсептешет.

Ак үй ошондой эле тараптар эки өлкө ортосундагы пикир келишпестиктерди козгошконун кошумчалады. Байден АКШ Кытай менен атаандашарын, бирок чыр-чатакты каалабасын, Вашингтон Бээжин менен климаттагы өзгөрүүлөр, азык-түлүк коопсуздугу, глобалдык экономика жана саламаттык сактоо тармактарында кызматташууга даяр деп белгиледи.

Маалыматка караганда, АКШ президенти Шинжаң, Тибет жана Гонгконгдогу адам укуктарын сактоо зарылдыгына, Тайвандагы статус квонун бузулушуна каршы экенине басым жасады. Билдирүүдө айтылгандай, АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жакында Кытайга барат.

Си Цзинпин жолугушуу алдында эки өлкө тең мамилелердин “туура багытын табышы керек, муну бүтүндөй дүйнө күтүп жатат” деп айткан.

Үч сааттан ашык убакытка созулган кездешүүдөн кийинки маалымат жыйында Байден Си менен сүйлөшүүлөр ачык-айкын жүргөнүн белгиледи.

Байден кызматка шайлангандан бери лидерлер биринчи жолу бетме-бет кездешти.

Жетекчилер Индонезияга “Чоң жыйырманын” саммитине катышуу үчүн барган.

Комментарий жиберүү