Баланы интернет коркунучтарынан кантип коргойбуз? Маанилүү 9 кеңеш

Мейли жумушта, мейли үйдө, жадагалса коомдук транспортто да үңүлө тиктегенибиз телефон болуп калды. Айрыкча, дүйнө таанымы жаңы калыптанып келе жаткан кичине балдардын смартфонго болгон көз карандылыгы зээн кейитет. Ата–энелер бул көйгөйдү көз жаздымда калтырбай, аны чечүүнүн болгон аракетин азыртадан жасашы зарыл. Исламда балага динди үйрөтүү, туура тарбия берүү – бул ата-эненин мойнундагы милдети. Муну эч качан унутпашыбыз керек.

Албетте, бала пайдалуу маалыматка ээ болуу үчүн смартфонду чеги менен колдонсо жакшы. Бирок интернеттин да көптөгөн кооптуу жактары бар экендигин эсиңизден чыгарбаңыз:

– Уятсыз сүрөт, видеолордун көптүгү;

– Экстремизмге жана зордук-зомбулукка чакырган агрессивдүү мүнөздөгү, ошондой эле өспүрүмдөрдү “жашоодон туура чыгып кетүүгө” үндөгөн сайттар;

– Коркунучтуу адамдар менен таанышуу;

– Алдамчылыктын ар кандай түрлөрү, болбогон нерселер үчүн баладан акча талап кылуу;

Жогоруда санап өткөндөр баланын назик психикасына зыянын тийгизгендердин бери жагы эле. Мындан сырткары, интернетте кечке отурган бала башка маанилүү иштерди кылгысы келбей калат. Сабакка баруу, тапшырма аткаруу, ата-эне жумшаган жумуштарды жасоо, уктоо ал үчүн кыйынга турат.

Оюнга, мультфильмге көз каранды болуп калган кичинекей балдардын өсүшү өтө жай жүрөт. Тили кеч чыгат, оюн жеткире албайт. Кызыккан нерсесин кармап көрө алышпайт, анткени алардын ааламы виртуалдык жашоо менен гана чектелген.

Интернетке байланган өспүрүмдөр чыныгы достук эмне экенин билишпейт. Бири-бири менен узак мөөнөткө дос боло алышпайт. Себеби виртуалдуу дүйнөдө баары үстүртөдөн жана жөнөкөй, достук эч кандай күч-аракетти талап кылбайт. Эгер “дос” жакпай калса, оңой эле жашоодон чыгарып коёсуң.

Эң өкүнүчтүүсү, ата-энелер балдарын телефонго өздөрү отургузушат. Аларга убакыт бөлүп, баарлашышпайт. Азыркы заманда балага смартфонду карматып, өзү тынч отурганы алар үчүн жакшыраак болуп калгандай. Телефондун балага тийгизчү зыянын аңдабай жатабыз.

Интернет коркунучтарынан баланы кантип коргойбуз? Алдыда макаладан жооп издейбиз.

1) Балага смартфон, планшет же гаджетти эрте жашынан баштап бербеңиз. 5-6 жашка чыкканга чейин ага виртуалдуу жашоонун кереги жок. Интернет кенже курактагы баланын реалдуу дүйнөнү өздөштүрүүсүнө тоскоолдук гана жаратат. Анын ордуна балаңыз менен сүйлөшүүгө көп убакыт бөлүп, кызыктуу окуяларды айтып бериңиз. Оюн ойногонду үйрөтүңүз. Сейилдеп жүргөндө жакшы нерселерди көргөзүңүз, китеп окуп бериңиз. Убактыңызды аяп, бала тарбиялоону виртуалдуу “жардамчыларга” тапшыруудан алыс болуңуз.

2) Бала мектепке барып баштаганда аны менен байланышып, дайын-дарегин билип туруу үчүн телефон керек. Бирок интернетке кирген, акыркы үлгүдөгү смартфон эмес, жөнөкөй клавишалуу гана телефон алып бериңиз.

3) Балаңыздын интернетте өткөргөн убактысына чектөө коюңуз. Мисалы, үй тапшырмасын аткаруу үчүн компьютерде бала белгилүү мөөнөткө чейин гана отуруш керек. Психологдор 7-10 жаштагы балдар жарым сааттан ашык эмес, 10-12 жаштагылар эң көп дегенде 1 саат, 12-15 жашка чейинкилер 1,5 саат гана интернет колдонууга болорун айтышат.

4) Компьютерге “чоңдор үчүн сайттарды”, кооптуу ресурстарды бөгөттөй турган программаларды орнотуңуз.

5) Балаңыздын социалдык тармактагы досторуна, катталуучуларынын арасынан шектүү бейтааныш адамдарга көз сала жүрүңүз.

6) Бала социалдык желелерден көңүл ачуу, баарлашуу издебеш үчүн аны менен көбүрөөк баарлашыңыз, ал сизди дос катары көрүп, сизге ар убак ишенсин.

7) Интернеттин бардык коркунучтарын айтып бериңиз. Ал жерде жазылгандын баарына эле ишене бербеш керектигин, “досмун” дегендин баары эле дос эмес экендигин түшүндүрүңүз. Баланын сүрөтүн, жеке маалыматтарын социалдык тармакка жайгаштыруусуна жол бербеңиз. Кызыңыз өспүрүм куракка келгенде ага өзүнөн бир топ жаш улуу эркек кишилер менен сүйлөшүүнүн кооптуулугун түшүндүрүңүз.

8) Алгач ата-энелер социалдык тармакты колдонууда этият болушу керек. Балдардын сүрөт, видеолорун интернетке ээн-эркин чыгара берүү туура эмес. Жеке жашоонун купуялуулугу шылуундардын торуна түшүп калуудан коргойт.

9) Эң негизгиси, ата-эне балдарына туура үлгү көрсөтүшү зарыл. Эгер балаңыз күн-түнүн интернетте өткөрүшүн каалабасаңыз, анда өзүңүз смартфонду ашыкча колдонбоңуз. Үй-бүлө менен чогуу отурганда бардык гаджет, смартфондорду көзгө көрүнбөгөн жерге катып коюу оң.

Жараткан бизди туура жолдон адаштырбай, балдарыбызга татыктуу тарбия берүүнү насип кылсын!

Комментарий жиберүү