Беларусь аркылуу Европага кирүүгө аракет кылган 4000дей качкын Иракка кайтарылды

Беларусь аркылуу Европанын аймагына өтүүгө аракет кылган 4 миңдей ирактык жаран мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейн журналисттерге кабарлады.

Анын айтымында, Ирактын өкмөтү 18-ноябрдан бери ирактык жарандарды өз өлкөсүнө кайтаруу үчүн Беларустан Багдадга каттамдарды уюштурган.

“Беларустун Польша, Литва жана Латвия менен чек араларында такалып турган 4 миңдей ирактык жаранды мекенине кайтардык”, – деп билдирди Хусейн.

Ирактын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахмед ал-Сахаф кийинчерээк AFP агенттигине Ирактын 3817 жараны Беларустан, 112си Литвадан мекенине кайтарылганын билдирген.

Сахаф Белоруста дагы эле Ирактын жарандары бар экенин, бирок аба ырайына жана оор шарттар куткаруучуларга алардын санын аныктоого мүмкүнчүлүк бербей жатканын белгилеген.

2021-жылдын жай айларынан бери негизинен Жакынкы Чыгыштан, өзгөчө Ирактан келген миңдеген мигранттар Беларустун Евробиримдиктин (ЕБ) мүчөлөрү менен чек арасына чогулуп, Европанын аймагына кирүү аракетин көрүшкөн.

Евробиримдик чек арадагыч кризиске Минскини айыптаган. Беларусь мындай айыптоолорду четке кагып, Евробиримдикти мигранттарды кабыл албай жатат деп сындаган.

Комментарий жиберүү