Беларусь Самарканддагы саммитте ШКУга кабыл алынат

Өзбекстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Беларусь Республикасынын уюмга кирүү процедурасы башталат.

Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

“Саммиттин жүрүшүндө бир катар келечектүү чечимдерди кабыл алуу пландалууда. Ошондой эле Беларусту ШКУга кабыл алуу процедурасынын башталышы күтүлүүдө”, – деп билдирди дипломат.

Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Владимир Норов Беларусь Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуу үчүн арыз бергени маалымдаган.

Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекет статусун алуу үчүн Ирандын милдеттенмелери боюнча меморандумга кол коюлушу күтүлүүдө.

Бул Тегеранга уюмдун уюштуруу документтерине жана эл аралык келишимдерине кошулууга мүмкүндүк берип, Иран уюмга толук кандуу мүчө болот.

Мындан тышкары, Египет, Катар жана Сауд Аравияга диалог боюнча өнөктөш статусун расмийлештирүү үчүн меморандумдар даярдалган жана Бахрейн, Мальдив аралдары жана башка бир катар мамлекеттерге диалог өнөктөштүгүн берүү процесси башталат.

Кошумчалай кетсек, саммитке Түркия, Азербайжан, Түркмөнстан жана Армениянын лидерлери конок катары чакырылган.

ШКУнун саммити 15-16-сентябрда Самаркандда өтөт.

Комментарий жиберүү