Бишкеке дагы 210 жаңы автобус алынып келди

Бүгүн, 11-сентябрда Ала-Тоо аянтында жаңы автобустардын презентациясы болуп өттү.

Бул жолу калаага экологияга зыян келтирбей турган, газ менен иштеген 210 автобус алынып келинди.

Бүгүнкү күндө муниципалитет акырындык менен транспорт маселелерин чечип, түтүнгө каршы чараларды көрүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкек мэриясы “Эко Пассажир Транспорт” ЖЧКсы менен ушул жылдын аягына чейин 350 даана “СамАвто” ЖЧКсы (Өзбекстан) тарабынан чыгарылган япониялык “ISUZU” автобустарын алып келүү боюнча кызматташтык келишимине кол койгон.

Келечекте өнөктөштөр 2022-2023-жылдарга карата түзүлгөн келишимдердин алкагында газ кыймылдаткычы менен иштеген автобустардын санын көбөйтүүсү күтүлөт.

Комментарий жиберүү