Бишкекте Түркия-Кыргызстан Биргелешкен Экономикалык Комиссиясынын жыйыны өтөт

Бишкекте 9-10-11-сентябрларда Түркия-Кыргызстан Биргелешкен Экономикалык Комиссиясынын 10-жыйыны өтөт.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Улугбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышат.
Жыйындын алкагында эки өлкөнүн карым-катнаштарын тездетүүгө багытталган соода, өнөр жай, аккредитация, энергетика, транспорт, айыл чарба жана токой чарба, туризм секторлоруна байланыштуу протоколдорго кол коюлуп, биргелешкен пресс-конференция болот.
Кошумчалай кетсек, ошол эле учурда кыргыз-түрк бизнес форуму өткөрүлөт.
Ошондой эле, түрк компанияларынын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуулар, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу жана Маариф мектебинин ачылышы пландалууда.

Комментарий жиберүү