БУУнун Баш катчысы талиптердин бийликке келишинин кесепеттерин атады

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Ооганстанда талиптердин бийликке тез келиши дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү террордук топторго дем бериши мүмкүн экенин айтты.

“Мени дүйнөнүн ар кайсы бурчунда болуп жактан окуялар абдан тынчсыздандырат. “Талибан”  кыймылынын Ооганстанда жеңишке жетишкени, дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү башка террордук топторго дем бериши мүмкүн. Алардын талиптерден канчалык айырмаланары маанилүү эмес”, – деди Гутерреш маалымат жыйынында.

Ал Ооганстан армия исламисттердин алдында кантип качып кете аларын көрсөткөнүн белгиледи.

Гутерреш терроризмге жана көптөгөн өлкөлөрдүн ага каршы күрөшүүгө даяр эместигине катуу тынчсыздануусун билдирди. “Терроризмге каршы күрөштө бизге көбүрөөк тилектештик жана биримдик керек”, – деди баш катчы.

Комментарий жиберүү