БУУ дүйнөнү кийинки пандемияга даярданууга чакырды

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Дүйнөлүк экономикалык форумдун жүрүшүндө дүйнөнү кийинки пандемияга даярдык көрүүгө жана ДССУнун абоюн бекемдөөгө чакырды.

Бул тууралуу РИА Новости жазды.

“Биз мониторингге инвестиция жасоо менен кийинки пандемияга даярдык көрүшүбүз керек, ар бир өлкөдө ооруну эрте аныктап, тез реакция жасап, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аброюн бекемдөө зарыл”, — деди Гуттереш видео кайрылуусунда.

Ал ошондой эле азыркы коронавирустук пандемия менен адилеттүү жана бирдей шартта күрөшүүгө чакырды.

Гутерреш ДССУ буга чейин 2021-жылдын аягына чейин дүйнө калкынын 40%ын жана ушул жылдын ортосуна чейин 70%ын эмдөөдөн өткөрүшү керек болгон стратегияны жарыялаганын эске салды.

“Биз ал максаттардан алыспыз. Кирешеси жогору өлкөлөрдө эмдөө көрсөткүчтөрү Африка өлкөлөрүнө караганда жети эсе жогору. Вакциналарды бөлүштүрүүдө бизге азыр адилеттүүлүк керек”, – деп кошумчалады ал.

Ал бул пандемиядан чыгуунун жолун табуу үчүн фармацевтикалык компаниялар өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө тилектештик көрсөтүп лицензия, өндүрүш сырлары жана технологиялар менен алмашууга чакырды.

Комментарий жиберүү