БУУ: Йеменде 16 миллионго жакын адам колдоого муктаж

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Йемен элине жардам берүү үчүн 4 миллиард долларга жакын каражатка муктаж.

БУУга 2022-жылы миллиондогон йемендиктерди колдоо үчүн болжол менен 3,9 миллиард доллар керек болот, деди БУУнун Башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу жана Өзгөчө кырдаалдар боюнча координаторунун орун басары Рамеш Раджасингем уюмдун Коопсуздук Кенешине.   

Раджасингемдин айтымында, Йеменде 16 миллионго жакын адам колдоого муктаж.

“Мен бардык донорлорду Йемен элине колдоо көрсөтүүгө жана мүмкүн болсо быйылкы жардамды көбөйтүүгө чакырам”, – деди ал.

Ал кошумчалагандай, акыркы жылдары гуманитардык демилгелер азайып, өткөн жылы жардам берүү долбоору 58% гана каржыланса, БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы декабрда сегиз миллион адамга жардам бюджетин кыскартып жатканын жарыялаган.

“Акыркы жумаларда башка маанилүү программалар, анын ичинде суу менен камсыздоо, коргоо жана репродуктивдүү ден-соолук кызматтары да каражаттын жетишсиздигинен улам кыскартууга же ишин токтотууга аргасыз болушту”, – деди БУУнун өкүлү.

Анын айтымында, каржылоодон тышкары, жеткирүүнүн татаалдыгы жана коопсуздук маселелери дагы йемендиктерге гуманитардык жардам берүүдө негизги тоскоолдуктар бойдон калууда.

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын Башкармалыгынын маалыматы боюнча, Йемен калкынын үчтөн экиси (20 миллионго жакын адам) гуманитардык жардамга муктаж жана алардын 80%ы жакырчылыктын чегинде жашайт.

Уюмдун Өнүгүү программасы да Йемен “дүйнөдөгү эң жаман жана эң ири гуманитардык катастрофадан” жапа чегип жатканын эскерткен. Анын эсеби боюнча, 2021-жылдын аягына чейин Йемендеги кагылышуулардын натыйжасында 337 миңден ашуун адам набыт болгон.

Комментарий жиберүү