БУУ: Ооганстандагы жер титирөө 155 баланын өмүрүн алды

Ооганстандагы жер титирөө 155 баланын өмүрүн алды, 255 жеткинчек жарадар болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык координация агенттиги жекшембиде билдирди.

Өткөн жумада Пактика жана Хост провинцияларында күчү 6 баллга жеткен зилзала жер көчкүгө алып келип, көптөгөн турак үйлөр кыйрап калган. “Талибан” өкмөтү бардыгы болуп, 1150 жергиликтүү тургун каза тапканын, жүздөгөнү жараат алганын билдирди. БУУ курмандыктардын санын 770 киши деп көрсөтүп, бул көрсөткүч өсүшү ыктымал экенин эскертүүдө.

Эң көп бала Пактиканын Гиван районунда набыт болду. Улуттар уюмунун агенттиги 65 бөбөк ата-энесинен айрылганын кошумчалады. Уюм жер титирөөдөн кийинки баш аламандыкта ата-энесинен ажырап калган балдардын жакындарын табууга көмөктөшүүдө.

Эл аралык эксперттер табигый кырсык ооган бийлигинин чабалдыгын жана адам укуктарынын бузулушун ого бетер көрсөттү деп белгилешет.

Комментарий жиберүү