Дүйнөдө азык-түлүккө баа болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү

Бириккен Улуттар Уюму дүйнө жүзү боюнча азык-түлүктүн баалары 4,3 пайызга жогорулаганын билдирди.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) дүйнөдө азык-түлүк бааларынын индекси сегизинчи ай катары менен жогорулап, 2014-жылдын июль айынан бери эң жогорку чекке жеткенин билдирди.
Уюмдун берген маалыматында азык-түлүктөрдүн ичинен шекер, өсүмдүк майы жана дан өсүмдүктөрүнүн баасы кескин көтөрүлүп кеткен. Шекерге болгон баанын индекси 8,1 пайызга жогорулап, рекорд койгон.
Баалардын көтөрүлүшү Европада Орусияда жана Таиландда ар кандай өнүмдөрдүн жеткирилишинин күтүлгөн өлчөмдөн кыскарганы жана Түштүк Америкада кургакчылыкка, ошондой эле мунай заттын бааларынын акыркы көтөрүлүшүнө байланыштуу болууда.
Дан эгиндеринин бааларынын индекси ушул жылдын январь айында 7,1 пайызга чейин көтөрүлдү. Ошондой эле, сунуштун жалпы азайышынан жана Түштүк Америкадагы кургакчылыктан улам эгиндин дүйнөлүк баасы кескин жогорулады. Мынданы тышкары буудайдаын баасы дагы көтөрүлгөн.
Дүйнөлүк азык-түлүк уюмунун маалыматы боюнча, эттин баасы төртүнчү ай катары менен 1 пайызга кымбаттады. Аталган уюм Бразилияда эттин, айрыкча тоок эти кымбаттап жаткандыгын баса белгиледи.

Комментарий жиберүү