Дүйнөдө дээрлик жарым млрд. адам 2-типтеги диабет менен оорушат

Америкалык илимпоздордун айтымында, дүйнө жүзү боюнча дээрлик жарым млрд. адам 2-типтеги диабет менен оорушат жана алардын көпчүлүгү кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдүн жашоочулары.

Мунун себеби, жакыр өлкөлөрдүн көпчүлүк бейтаптары тиешелүү медициналык жардам алышпайт.
Белгилей кетсек, акыркы он жылдыктарда кант диабетине чалдыккандардын саны төрт эсе көбөйдү.
Алардын айрымдары гана жетиштүү дарыланышса, ал эми диабет менен ооругандардын жарымынан көбү өз диагнозу жөнүндө билишпейт, деп Мичиган университетинин адистери The Lancet гезитине билдиришкен.
Эске салсак, 2-типтеги кант диабети – бул өнөкөт оору жана анда организмдеги ткандар инсулинге сезгичтигин жоготуп, глюкозаны клетка мембраналары аркылуу ташыйт.
Ошондой эле кандагы эркин канттын деңгээли көтөрүлөт, бул атеросклероздон катарактага чейинки бир катар татаалдашуулар менен коштолот.
Диабет жүрөк пристубу коркунучун үч эсе жана бутту кесүү мүмкүнчүлүгүн 20 эсе жогорулатат. Мындан тышкары инсультка, бөйрөктүн иштебей калышына, нервдин жабыркашына жана кош бойлуулук учурунда кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн.
Кант диабетинде атайын дары-дармектердин, туура тамактануунун жана орточо көнүгүүлөрдүн жардамы менен абалды көзөмөлдөсөңүз болот.
Жалпысынан, изилдөөчүлөр дүйнө жүзү боюнча диабет менен ооругандардын санын 463 млн. экенин жана бул көрсөткүч 1980-жылдардагыдан төрт эсе көп экенин аныкташкан.
Эске салсак, буга чейин кант диабети бай өлкөлөрдө жашаган, жигерсиз жана калориялуу тамактарды кыянаттык менен пайдаланган адамдар үчүн көйгөй катары каралып келген. Бирок, жаңы маалыматтар көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө диабет кирешеси төмөн өлкөлөрдө (80 пайыз) көп кездешет. Мындай өлкөлөрдүн жашоочуларынын дарыланууга мүмкүнчүлүктөрү азыраак болгондуктан, кырдаал татаалдашууда.
Диабеттин алгачкы белгилери туруктуу чарчоону камтыйт. Бул кандагы глюкозанын деңгээли менен айланган инсулиндин көлөмүнүн ортосундагы дисбаланстыктан улам пайда болот.
Ооздун кургашы, эртели кеч суусоо, арыктап кетүү, начар айыгуучу жаралар, тез-тез заара ушатуу ж.б. белгилер болмокчу.
Диабеттин алдын алуу үчүн туура тамактануу маанилүү, жөнөкөй углеводдордун (десерттер, канттуу суусундуктар, фаст-фуд) көлөмүн азайтуу керек  жана тамактануу режиминде майсыз белок азыктары, мөмө-жемиштер болушу зарыл. Ошондой эле физикалык активдүүлүк керек – бул дене салмагын көзөмөлдөп гана тим болбостон, ткандардын инсулинге болгон сезимталдыгын жогорулатат.

Комментарий жиберүү