Дүйнө өлкөлөрүнүн элдери канча маянага бактылуу болушат?

Экономисттер  кыргызстандыктарга бактылуу болуу үчүн канчасом акча керектигин аныкташты.

24.kg маалымат порталы билдиргендей, Америкалык окумуштуулар Gallup Дүйнөлүк сурамжылоонун маалыматтарын колдонуп, бакыт үчүн канча акча керек экендигине изилдөө жүргүзүштү.
Сурамжылоого 1,7 миллион адам – дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын жашоочулары катышкандыгы маалымдалды. Сурамжылоолордун жыйынтыгына ылайык, кыргызстандыктар бактылуу болуш үчүн жылына 9000 доллар маяна талап кылынат.
Белгилей кетсек, Кыргызстан бакыт үчүн эң аз акчага муктаж өлкөлөрдүн катарына кирди.
Ошондой эле Суринам (6 799 доллар), Аргентина (8000 доллар), Ангола (8 921 доллар) жана Иран (10 000 доллар) дагы ушул тизмеге киришкен.
 Бермуд аралынын жашоочулары бакыт үчүн эң көп акчага муктаж экендиги аныкталды – жылына кеминде 143 933 доллар. Британиянын аймагынан кийин Австралия – 135 миң доллар жана Израиль – жылына 130 миң 457 долларга муктаж.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң кымбаты Швейцария болгон (128 969 доллар).
Ал эми, алдыңкы ондукка Жаңы Зеландия (128 844 $), Норвегия (114 147 $), Дания (109 142 $), Япония (107 587 $), Исландия (107 351 $) жана АКШ (105 000 $)  талаптары менен кирди.

Комментарий жиберүү