ЕБге орус жарандарына Шенген визасын берүүгө тыюу салуу сунушу киргизилди

Евробиримдикке Орусиянын жарандарына Шенген визасын берүүгө тыюу салуу сунушу расмий киргизилди. Бул тууралуу Германиянын өкмөтүнүн өкүлү Штеффен Хебестрейт брифингде билдиргенин орусиялык ТАСС агенттиги жазды.

“Бул долбоор Евробиримдикке кирген айрым өлкөлөр тарабынан сунушталган жана ал күн тартибинде турат. Эми Германиянын өкмөтү бул боюнча министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ортосунда жана ЕБ ичинде талкууларды өткөрүшү керек. Ал аягына чыга элек. Ошондуктан мен анын жыйынтыгы тууралуу алдын ала эч нерсе айта албайм”, – деди.

Европа Биримдиги 26-февралдан баштап Орусия менен жеңилдетилген виза режимин убактылуу токтоткон. Европанын бир катар өлкөлөрүнүн элчиликтери жана виза борборлору орусиялыктарга кыска мөөнөттүү Шенген визасын берүүнү азайтты же толугу менен токтотту.

Украинанын президенти Владимир Зеленский The Washington Post гезитине берген соңку маегинде Батыш өлкөлөрүн Орусиянын бардык жарандарын өз аймагына киргизүүгө тыюу салууга чакырды. Анын айтымында, буга чейинки санкцияларга караганда орус жарандары үчүн чек араларды жабуу жана орус мунай-газына эмбарго киргизүү майнаптуу болмок.

Кремль орусиялыктарга Батыш өлкөлөрүнө барууга тыюу салуу чакырыктары үчүн европалык лидерлерди жана украин президентин сындады.

Комментарий жиберүү