Европарламентте АКШга каршы санкция киргизүү сунушталды

Европа Биримдиги Йемендеги жаңжалдан улам АКШ менен Сауд Аравияга каршы санкцияларды киргизиши керек.

Бул тууралуу хорватиялык депутат Мислав Колакушич Европарламенттин жыйынында айтты.

Сүйлөшүүнүн видеосу анын Twitter баракчасына жарыяланганын РИА Новости жазды.

«Эгер бул чын болсо, эгер биз тынчтык үчүн чындап күрөшкөн болсок, анда бир нече жылдан бери Йеменде согушту тутандырып жаткан Сауд Аравиясына каршы ошол эле санкцияларды дароо киргизишибиз керек. Биз акыркы он жылдыкта Европадагы, балким, дүйнөдөгү башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк аскерий кагылышууларга катышкан АКШдан мунай менен газдын импортуна тыюу салышыбыз керек», – деди ал.

Европарламенттин депутаты Орусияга каршы санкцияларды “эки жүздүүлүк” деп атап, Москва менен экономикалык байланыштын үзүлүшүнөн баарынан да европалыктар жапа чегип жатканын кошумчалады.

Батыш өлкөлөрү Украинанын айынан Орусияга каршы санкцияларды киргизген. ЕБ өлкөлөрү орусиялык энергия булактарынан баш тартуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатышат. Чектөөлөрдүн алтынчы пакети мунай эмбаргосун киргизүүнү карайт, бирок бир катар мамлекеттер, атап айтканда Венгрия анын кабыл алынышына жолтоо болууда.

Белгилей кетсек, Йеменде 2014-жылдын августунан бери өкмөттүк күчтөр менен хуситтердин (Ансар Аллах кыймылы) тирешүүсү уланып келет. 2015-жылдын март айынан бери сауд коалициясы да хуситтердин позицияларын абадан бомбалап, согушуп келет. Коалициянын аба күчтөрү акыркы жети жылда Йемендин ар кайсы аймактарында бир катар агрессивдүү чабуулдарды жасаган.

Бул кол салуулардын көпчүлүгүндө Йемендин карапайым тургундары бутага алынып, өлкө гуманитардык катастрофага туш болууда.

БУУнун маалыматы боюнча, дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн бири болгон Йемендеги согуш азыркы тапка чейин 400 миңдей адамдын өмүрүн алган.

Комментарий жиберүү