Жаңы божомол: Коронавирус адамга лабораторияда жуккан

Даниялык окумуштуу Питер Эмбаректин жаңы изилдөөлөрү коронавирус адамга алгачкы жолу лабораторияда жуккан болушу мүмкүн экенин көрсөттү.

Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер тобу билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

ДССУнун эксперттер тобунун жетекчиси Питер Эмбарек акыркы изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча COVID-19 алгачкы жолу адамга лабораторияда же талаадагы изилдөөлөр маалында жуккан болушу мүмкүн деген тыянак чыгарды.

Ошол эле учурда бул божомол экенин,бирок, пандемия бир кишинин жарганаттан оору жуктуруп алганы менен башталган болушу толук мүмкүн экенин баса белгиледи.

“Үлгүлөрдү алуу учурунда талаада инфекция жуктурган кызматкер – бул мүмкүн болгон гипотеза. Дал ушул учурда вирус жарганаттан адамга өткөн. Бул учурда илдетти фермер же башка карапайым адам эмес, лабораториялык кызматкер жуктуруп жаткандыктан, вирус лабораторияда жуккан деп айтабыз” – деди окумуштуу.

Ошондой эле, ал азырынча илимпоздор пандемиянын так себебин таба электигин жана себеби такталмайынча аны изилдөө улана берерин айтты.

Экерте кетек, февраль айында ДССУнун эксперттери Кытайга барып, SARS-CoV-2 вирусунун келип чыгышын аныктоого аракет кылышкан. Тактап айтканда, алар Ухань вирусология институтуна, анын ичинде изоляцияланган BSL-4 лабораториясына барышкан. Алар сапардын аягында жарыялаган отчетунда коронавирус, жарганаттардан адамдарга башка жаныбар аркылуу жуккан болушу мүмкүн экенин жана лабораториядан чыккан болушу мүмкүн эместигин билдиришкен.

Комментарий жиберүү