Жаңы рекорд: Дүйнөдө бир суткада коронавирус боюнча 3, 7 млн. учур катталды

Дүйнөдө акыркы бир суткада коронавирусту жуктургандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти.

 Бул тууралуу ДССУ билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Уюмдун маалыматына караганда, вирусту жуктуруу урурлары боюнча жаңы рекорд коюлуп, акыркы 24 сааттын ичинде 3 млн. 777 миң 104 учур катталды.

Пандемия башталгандан бери COVID-19дан каза болгондордун саны 5 млн. 560 миң 718 адамга жетти. Акыркы суткада 8 миң 741 адам каза болду.

Илдетти жуктургандардын көбү АКШда – 67 млн. 437 миң 353 адамга, андан кийин Индияда – 38 млн. 218 миң 773, Францияда – 14 млн. 779 миң 277 адамга жетти.

Учурда дүйнө жүзү боюнча коронавирустун омикрон штаммы жайылууда. Илдеттин бул түрүн жуктургандардын саны Кыргызстанда да күндөн-күнгө өсүүдө. Өлкөдө акыркы суткада 788 кишиден вирус аныкталды.

Комментарий жиберүү