Жириновский орустарды кемсинткен азербайжандык дипломатка кылмыш ишин ачууну талап кылды

ЛДПРдин лидери Владимир Жириновский Азербайжан дипломатынын билдирүүсүнөн кийин Азербайжан президенти Илхам Алиевден дипломатка каршы кылмыш ишин козгоону талап кылды.

Орусиянын саясатчысы азербайжандык дипломаттын билдирүүсүн “бардык орусиялыктарды мазактоо” деп  атады. 

Бул тууралуу ал YouTube каналынын SolovyovLive эфиринде билдирди. Белгилей кетсек, мурда Азербайжанда Беларусь, Молдова жана Пакистанда элчиси болуп иштеген Исфандияр Вагабзаде социалдык тармактарда “орус улутун” мазактоо менен сүйлөп жаткан видео пайда болгон.

Жириновскийдин айтымында азербайжандык дипломат өз сөзүндө “чочколор”, “эшек” жана башка терминдерди колдонгон. 

«Биз Азербайжанга кылмыш ишин козгоо талабы менен республиканын башчысына кат жөнөтөбүз. Анткени дипломаттын билдирүүсү баары мазактоо … Бул айбанчылык жана бул орто кылымдардагы көрүнүш”, – деди Либерал -демократиялык партиянын лидери. 

Жириновскийдин айтымында, учурда Орусияга жана мурдагы СССРге кирген өлкөлөргө каршы процесс жүрүп жатат жана айрымдар Борбор Азияда AntiRussia долбоорун кеңейтүү пландаштырышууда.

Комментарий жиберүү