ЖМК: Стамбулдагы терактка шектелген аялды америкалык аскерлер окуткан

Бул тууралуу РИА Новости жазды.

“Альбашир сурак учурунда ПККнын Сириядагы бөлүмү менен байланышы бар экенин мойнуна алды. Террорчу Айн аль-Араб (Кобани) шаарында Сириядагы америкалык аскерлер да сабак берген ПККнын чалгын мектебинде окуганын, ал атайын чалгынчы катары даярдалганын айтты”, – деп жазат басылма.

Мындан тышкары, шектүү ага көрсөтмө берген PKK/YPG/SDG уюмунун Айн-эл-Арабдагы лидеринин ишенимдүү адамы менен байланыштары тууралуу айткан.

Бул көрсөтмөлөр менен аял төрт ай мурун Түркияга Африн-Адлиб аркылуу мыйзамсыз кирген. Полиция аныктагандай, ал Стамбулда шек жаратпоо үчүн уюмдун мүчөсү болгон эркек киши менен жубайлардай болуп жүргөн.

13-ноябрда түштөн кийин Стамбулдун борборундагы жөө адамдар өтүүчү Истиклал көчөсүндө жардыруу болуп, 6 адам каза болуп, 81 киши жаракат алган.

Кол салууга шектелип Ахлам Альбашир кармалган, ал Түркияда тыюу салынган Күртстан жумушчу партиясы (ПКК) менен байланышы бар экенин мойнуна алган.

Түркиянын Ички иштер министрлигинин башчысы Сулейман Сойлу кол салуу буйругу Сириянын чек арадагы Кобани шаарынан түшкөнүн, кылмышкер Түркиянын аймагына Африн шаары аркылуу кирген деген шектенүүлөр бар экенин билдирген.

Тинтүү учурунда аялдын жанынан паспорт, ири суммадагы акча, санариптик аппараттар жана терактты уюштуруу боюнча материалдар табылган. Ошондой эле 21 даректе тинтүү жүргүзүлүп, жалпысынан күч органдары 50 кишини кармады.

Теракттын башында тургандар Альбаширди Грецияга жөнөтүүнү убада кылышкан, бирок полициядагы маалыматтарга караганда, алар аны Стамбулда эле өлтүрмөкчү болушкан.

Бир күн мурда Сулейман Сойлу Стамбулдун борборундагы терактка байланыштуу Вашингтондун көңүл айтуусун Анкара кабыл албай турганын айтып, кол салуу кайсы жерден координацияланганын биле турганын жана Түркиянын “мындай кыянаттык аракеттерге” сабыры түгөнгөнүн белгилеген.

Комментарий жиберүү