Зеленскийдин Европа лидерлери менен жолугушуусу кандай өттү?

Кечээ, 16-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевге келген Германиянын канцлери Олаф Шольц, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Италиянын премьер-министри Марио Драги жана Румыниянын президенти Клаус Йоханнис менен жолугушту.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Жолугушуудан кийин Зеленский ЕБдин башчылары менен бирге маалымат жыйын өткөрдү.

Италиянын премьер-министри Марио Драги өлкө Украинаны Евробиримдиктин бөлүгү катары көргүсү келерин билдирди.

Европа лидерлери Киевге тез арада уюмга талапкер деген макамды берүү идеясын колдошту.

Зеленский менен ЕБдин лидерлери Россиянын Киевге каршы атайын операциясы башталгандан бери анын айланасындагы маселелерди биринчи жолу жекеме-жеке талкуулашты.

Макрон Франция Украинага курал жеткирүүнү күчөтөрүн бидирди.

Ал эми Германиянын канцлери Берлин Украинага зарыл болгон учурга чейин колдоо көрсөтөрүн айты. Ошондой эле ушул күнгө чейин Германия 800 миңдей украиналык качкынды кабыл алганын, мындан сырткары Украинага каржылык жана аскердик көмөк көрсөтүп жатканын айтып өттү.

Белгилей кетсек, Франция, Германия жана Италия Европа Биримдигиндеги кубаттуу экономикага ээ өлкөлөр.Румыния да бул уюмга мүчө болуп саналат.

Россия Евробиримдиктин лидерлеринин Украинага сапарына кандай кандай кабыл алды?

Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Киевде украин дан азыктары боюнча маселени талкуулай турганын билдирди.

“Мен Европа мамлекеттеринин лидерлери Украинаны курал менен колдоо менен гана чектелбейт деп ишенгим келет”, – деди ал.

Ал “бул пайдасыз экенин, адамдардын азабын узартарын жана Украинага көбүрөөк зыян келтирерин белгилеп, Москва Киевге келген европалык лидерлер Зеленскийди иштин абалын чындап кароого үндөйт деген үмүттө экенин айтты.

Комментарий жиберүү