Зеленский Орусия Украинанын 20% аймагын ээлеп алганын маалымдады

2-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский Люксембургдун парламентинде видео кайрылуу жасап, Орусиянын өлкө аймагындагы баскынчылыгы тууралуу маалымат берди.

Ал Москва 2014-жылы Крымды аннексиялап, Донбасста жикчилдерди колдогон маалда Украинанын 43 миң чарчы чакырым аянтын ээлеп турганын, 24-февралдан кийин мындан үч эсе көп аймагын басып алганын айтты.

“Орусиянын аскерлери Украинанын 3 миң 620 айылына кирди. Анын миңден ашыгын кайра бошоттук. Дагы эки жарым миңден ашыгын боштондукка чыгарышыбыз керек. Учурда биздин аймактын 20% жакыны баскынчылардын көзөмөлүндө турат. Бул деген кеминде 125 миң чарчы чакырымдык аянт. Бул Бенилюкс уюмуна кирген бардык өлкөнүн аянттарынан да кыйла чоң. Дагы 300 миң чарчы километр жерге мина менен жарылуучу дүрмөттөрдү жайгаштырып коюшкан. Жалпы 12 миңдей украиналык тургун жер которууга аргасыз болду, 5 миллиондон ашык тургундар, көбүнчө аялдар жана балдар чет жакка чыгып кетишти”,-деди ал.

Владимир Зеленский курал-жарак берип жаткан Люксембург мамлекетине ыраазычылык билдирип, муну дагы улантуусун өтүндү. Ал ошондой эле аталган өлкөнүн парламентин Орусияга каршы эл аралык санкциялык чараларды күчөтүүгө кол кабыш кылууну суранды.

Люксембург – Франциянын, Германиянын жана Белгиянын ортолугунда жайгашкан чакан мамлекет. Белгия, Нидерландия жана Люксембург өлкөлөрүнүн биргелешкен уюму Бенилюкс деп аталат.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада, Москва 24-февралда Донбасста “атайын аскердик операция” деген жүйө менен Украинага басып кирди.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Комментарий жиберүү