Израиль аскерлери Батыш Шериага кол салды

Кол салууда 3 палестиналык каза болуп, 8 киши жаракат алды.

Израиль күчтөрү оккупацияга алган Батыш Шеринанын Женин шаарына жасаган кол салуусунда 3 палестиналык каза болуп, 8 киши жаракат алды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта : “Женин шаарында Израиль аскерлери аткан октор менен 3 палестиналык шейит болуп, 8 киши да жаракат алды”,- деп билдирилди. 

Палестинанын мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда каза болгон палестиналыктардын Бера Лехлух, Лейс Эбу Сурур жана Юсуф Салах экени аныкталды.

Көргөн күбөлөр Израиль аскерлеринин Женин шаарына басып кирип, ичинде 4 палестиналык болгон унаага  ок аткандарын белгилешти. Окуялардан кийин Израиль аскерлери менен ондогон палестиналыктын ортосунда кагылышуу чыкты. Израиль аскерлери палестиналыктарга чыныгы ок жана көздөн жаш агызуучу газ бомбасын колдонуу менен кийлигишти. 

Окуялар тууралуу Израилдин расмий мекемелеринен азырынча бир билдирүү бериле элек. 

Комментарий жиберүү