Израил менен “Ислам жихады” Газада ок атышууну токтотууну макулдашты

Израилдин бийлиги менен “Ислам жихады” радикал тобунун өкүлдөрү ок атышууну токтотууну макулдашты. Келишим 8-августка караган түнү күчүнө кирди.

France-Presse агенттиги “Ислам жихадынын” жогорку кызматтагы мүчөсүнө, Associated Press Египеттин чалгындоо кызматындагы булагына таянып эки тараптын диалогго келишине Каир арачы болгонун жазышты. Бирок макулдашуу кандай шарт менен кабыл алынганы белгисиз.

5-августта Израилдин Коргоо күчтөрү атайын операция башталганын жарыялап, Палестин автономиясындагы Газа тилкесине бир нече жолу ракеталык чабуул жасаган. Израил соккудан “Ислам жихады” тобунун эки командири Тайсир ал-Жабари жана Халед Мансур каза болгонун билдирген.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу соккудан 36 адам мүрт кетти, алардын 11 балдар. Ал эми Израилдин армиясы каза болгондордун көбү “Ислам жихадынын” өкүлдөрү экенин кабарлады.

Комментарий жиберүү