Индиянын тарыхында экинчи ирет аял президент болду

Индияда президенттик шайлоодо Улуттук демократиялык альянстын талапкери Драупади Мурму жеңип чыкты.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ал штаттардын жана аймактардын парламенттеринин жана жергиликтүү ассамблеяларынын мүчөлөрүнүн ичинен шайлоочулардын 64% добушун алды. Ал эми анын оппозициядагы атаандашы Яшвант Синха 36% добушка ээ болду.

Драупади Мурму өлкөнүн бардык штаттарында добуш алган, негизги атандашы Синха үч штатта утулуп калды.

Ал өлкөнүн тарыхында мамлекет башчы болгон экинчи аял. Биринчиси 2007-2012-жылдары өлкөнү башкарган Пратибха Девисингх Патил болгон.

Мурму азыркы президент Рам Натх Ковинддин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга бир күн калганда, 25-июлда ант берет.

Белгилей кетсек, Индиянын президенти беш жылдык мөөнөткө, эң көп дегенде эки мөөнөткө шайланат.

Индияда президенттик шайлоо 18-июлда өтүп, добуштар 21-июлда саналган.

Эске салсак, Индия парламенттик республика болгондуктан, өлкөдө президент негизинен өкүлчүлүк функцияларды гана аткарат.

Комментарий жиберүү