Индиянын үйлөнүү үлпөт тойлору Кыргызстанда өтөт

Индиялыктар үйлөнүү үлпөт тоюлорун Кыргызстанда өткөрүүгө кызыкдар.

Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Индия-Евразия соода кеңешинин өкүлү Харвиндер Пал Мехта билдирди.

Анын айтымында, индиялыктардын үйлөнүү тойлорун өлкөдө өткөрүү менен туризмдин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөт.

Тагыраак айтканда, индиялыктар Болливудду Кыргызстанда таанытууга жана Индиянын үйлөнүү үлпөтүн Кыргызстандын кооз жайларында өткөрүүгө кызыкдар.

“Биз Кыргызстанды бал айына саякатка жана үйлөнүү үлпөтүнө айландыргыбыз келет. Бул үчүн биз пансионаттар, мейманканалар менен тыгыз иштешебиз. Биз абдан жемиштүү кызматташабыз”, – деди Харвиндер Пал Мехта.

Ал ошондой эле Индия салтында үйлөнүү үлпөткө аябай көптөгөн коноктор чакырылаарын жана бул Кыргызстанга саякатчылардын санын арбытаарын белгилеп кетти.

Комментарий жиберүү