Инфарктын алгачкы белгилерин кантип билсе болот?

Жүрөк оорусунун алгачкы белгилерин башка оорулар менен оңой эле чаташтырып алууга мүмкүн.

Express Британиянын жүрөк фондунун маалыматтарына шилтеме берүү менен өмүргө коркунуч туудурган абалды кантип билүү керектигин айтып берди. Бул тууралуу  РИА Новости жазды. Негизги факторлордун бири – көкүрөк жактагы ыңгайсыздык кетпейт жана ал бир аз убакыт өткөндөн кийин дененин башка бөлүктөрүнө, мисалы, моюн, жаак, бел, ашказан, колдорго жайылат.

Ушул белгилер гана дарыгерге токтоосуз кайрылуу керектигинен кабар берет. Жүрөк жана баш айлануу же демдин кысылуусу дагы инфарктан кабар бериши мүмкүн. Бир катар бейтаптарда паникалык чабуулга окшош күтүлбөгөн жерден тынчсыздануу сезими пайда болот. Оорунун бул белгилери бир нече күнгө созулушу мүмкүн же болбосо күтүлбөгөн жерден пайда болуп калышы ыктымал дешет адистер.

Буга чейин окумуштуулар адамдын канынын тобу жүрөк оорусунун өрчүшүнө кандай таасир этерин аныкташкан. Анда каны экинчи жана үчүнчү топтогу адамдардын жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучу биринчи топтогуларга караганда сегиз пайызга жогору болору белгилүү болгон.

Комментарий жиберүү