Иорданияда уулуу газ толтурулган цистерна жарылып, 200дөн ашуун адам жабыркады. Видео

Кечээ, 27-июнда Иорданиянын Акаба портунда уулуу газ толтурулган цистерна жарылып, кеминде 10 киши каза таап, 250дөн ашууну жаракат алды.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Социалдык тармактарда кырсык болгон учурдун видеосу пайда болду. Видеодон кран уулуу газ толтурулган цистернаны кемеге жүктөп жатканда учурда цистерна жерге кулап, андагы газ жарылып, кеменин айланасын сары булут каптаганын көрүүгө болот.

Өлкөнүн расмий адамдары цистернада эмне газ болгонун такташкан жок, бирок жергиликтүү маалымат булактары бейрасмий түрдө анда хлор бар болгонун маалымдашты.

Контейнерде экспортко багытталган 25 тонна газ болгон.

Бийлик Акабанын тургундарына жашаган жайларынан чыкпоону, эшик-терезелерди жабууну сунуштады. Учурда шаардын пляждары жабылып, жээктен жүк ташуулар токтотулуп, адистер кырсыктын кесепеттерин жоюуну улантышууда.

Комментарий жиберүү