Ирак: Имам Хусейн (а.с) зыяратчыларына бекер интернет берилет

Ирактын Байланыш министрлиги Имам Хусейндин (а.с.) кыркын өткөрүүчү зыяратчыларын бекер интернет менен камсыздай турганын билдирди.

Fars News Agency International Group агенттигинин маалыматына ылайык, Ирактын Байланыш министрлиги Имам Хусейндин (алайхис салам) кыркын өткөрүүчү зыяратчыларына бекер интернет кызматтарын көрсөтөөрүн жарыялады.

 Ирактын Байланыш министрлигинин билдирүүсүндө, бул министрлик Аль-Хашд аш-Шааби уюму менен биргеликте Имам Хусейндин (алайхис салам) зыяратчылары үчүн бекер интернет бергени айтылат.

Ирактын ички иштер министринин кеңешчиси жана Ирактагы “Арбаин” комитетинин башчысы генерал-майор Мехди Аль-Факики бул өлкөдөгү коопсуздук шарттары тууралуу билдирип, Ирак армиясы менен коопсуздук күчтөрүнүн бардык ажылык каттамдарга жайгаштырылганын билдирди.

Комментарий жиберүү